www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти 2023-2024-жылдарга Россиядан өндүрүлгөн 99 миң 500 тонна жайыт чөптөрүнүн аралашмаларынын үрөндөрүн сатып алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында департаменттин директорунун орун басары Максатбек Мамытбеков билдирди.
Анын айтымында, анын 94 миң 490 тоннасы жайыттарга себүү жана 5 миң10 тоннасы жайыт үрөнчүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган.
"Бүгүнкү күндө бардык үрөндөр айыл аймактарга таркатылып берилип, 10 миң гектар кунарсыз жайыттарга себилди”, - деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, аталган үрөндөрдү сатып алууга республикалык бюджеттен 30 млн 379 миң 759 сом бөлүнгөн.
Булак: NazarNews.kg