www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Демилгени Надира Нарматова баштаган депутаттар көтөргөн. Алар коммерциялык эмес уюмдардан ачыктыкты, тынымсыз отчет берүүнү жана финансылык операцияларын жашырбоону талап кылууда.
Авторлордун айтымында, бейөкмөт уюмдардын көпчүлүгү мамлекеттин саясий жашоо-турмушуна кийлигишип, акцияларды уюштуруп, өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүнө каршы келген чечимдерди кабыл алуу үчүн коомдук пикирди түзүүгө умтулушат.
Эгер мыйзам кабыл алынса "чет өлкөнүн өкүлү функциясын аткарган бейөкмөт уюм" түшүнүгү киргизилет. Тагыраагы, сырттан каржыланып, саясий иштерге аралашып жүргөн коммерциялык эмес уюмдарды "чет элдик агент" деп аташат. Алгач 5-10 жылга эркинен ажыратуу жазасы сунушталган, экинчи окууда ал 3-5 жылга кыскартылды.
Булак: NazarNews.kg