www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба министрлиги милицияга суракка чакырылып, тил кат менен кое берилген жарандык активист Атай Бейшенбектин айланасындагы жагдай тууралуу маалымат берди.

Расмий билдирүүдө Атай Бейшенбек 2019-жылы 19-мартта жана 24-апрелде 2-майга чейин министрликтин сайтын жасап берүү жана жасалган сайттын кодун берүү боюнча келишим түзгөнү айтылат. Бирок кызматы үчүн 200 миң сом алган Атай Бейшенбек келишимди аткарган эмес.

Министрлик ал кабыл алуу комиссиясына сайтты тапшырбаганын, чыгымды толтуруудан баш тартканын жана министрликтин 146 миң сомдук Canon үлгүсүндөгү фотоаппаратын алып, кайтарып бербегенин билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү Ленин райондук сотунун 2019-жылдагы Атай Бейшенбектен 200 миң сомду, фотоаппаратты жана соттук ишти кароо үчүн төлөнгөн мамлекеттик алымды өндүрүү боюнча чечими бар.

Жарандык активист Атай Бейшенбек 16-майда Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө эки сааттан ашык сурак берип чыккан. Анын сөзүнө караганда, 2019-жылы Айыл чарба министрлигине 200 миң сомго сайт жасап берүү иштерине катышкан. Бирок сайт ишке кирбей калган.

Активист Атай Бейшенбек министрликтин айыптоосуна мындайча жооп берди.

“Сайт боюнча келишим болгон. Министр Нурбек Мурашев болчу. Иш аткарылып, презентация болуп, экинчи бөлүккө акча бөлүнгөн. Андан кийин министр алмашып кетип, Эркинбек Чодуев менен мамиле жаман болуп, ал кабыл албоо боюнча тапшырма берген. Ал эми фотоаппаратка эч кандай тиешем жок. Соттун чечими менен тааныша элекмин. Техника алсаң "алды, берди" деген кагаз болуш керек. Соттун чечими мен жок эле чыкканына байланыштуу сотко кайрылдым" - деди Атай Бейшенбек.

Активист башка жакка чыкпоо тил каты менен коё берилген.

Акыйкатчы институту активист жарандык иш боюнча соттун чечимин аткарууга байланыштуу суракка алынганын, институттун кызматкери адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзгөнүн билдирди. Мекеме да тергөө кызматкерлери активистке соттун чечимин көрсөтө албай койгонун бышыктады.

Атай Бейшенбек социалдык тармактар аркылуу бийликти, Бишкек шаарынын мэринин ишин сындап келет. Акыркы убактарда Кумтөр алтын кенинин ишмердиги, кенден казылган алтын, аны сатуудан түшкөн каражат тууралуу бийлик элге маалымат бериши керектигин талап кылып жаткан. Ал суракка алынышын жарандык позициясы менен байланыштырууда. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости