www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жүгүртүүгө тыюу салынган психотроптук заттарды камтыган дары-дармектерди ташуу менен алектенген эл аралык кылмыштуу топ аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ыкчам тергөө иштеринин алкагында жүктүн ээсинин бири Ю.С.И. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

“Азыркы учурда УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар адамдарды, ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө улантылууда”, — деп айтылат маалыматта.

Чогултулган материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренесинин 1-бөлүгү ("Бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдардын контрабандасы") боюнча кылмыш иши козголгон.

Булак:  NazarNews.kg 

Последние новости