www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айыл чарба министрлигинде, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө финансылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.
16-февралда Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында, 2021-2022-жылдар аралыгына карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчет каралды.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы 472 млн 357,2 миң сомдук финансылык тартип бузуулар жана кемчилдиктер аныкталды:
каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кем чыгуулар - 60 млн 147,1 миң сом;
бюджеттин кошумча кошуп эсептелген кирешелери - 943,8 миң сом;
Соцфонддун кошумча кошуп эсептелген кирешелери - 760 миң сом;
бюджеттин чыгымдар бөлүгү жана башка төлөмдөр боюнча бюджеттин жоготуулары - 76 млн 19,5 миң сом;
рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар - 289 млн 485,6 миң сом;
эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу - 45001,2 миң сом.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда сатылып алынган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн жана жер семирткичтердин 2022-2023-жылдары керектөөчүлөргө сатылышына жана таратылышына утурлама аудиттин жыйынтыгында аныкталган 214 млн 397,9 миң сом жоготуулар боюнча маалыматтар Ички иштер министрлигине укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлөт.
Булак: NazarNews.kg