www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Судьялар кеңеши Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунун судьясы Бектурсун Эралиев судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу жана өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө арызын канааттандырды. Тиешелүү чечим КР президентине жөнөтүлдү.
Судьялар кеңешинин чечими менен КР жергиликтүү сотторунун бир катар судьяларына квалификациялык класстарды берүү үчүн КР президентине сунуш киргизилди.
Ар түрдүү маселелердин ичинен КР сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата жергиликтүү соттордун судьяларын жана сот тутумунун кызматкерлерин Судьялар кеңешинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо маселеси каралды.
Булак: NazarNews.kg