www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-февралда Ошто "Яндекс такси" кызматынын элүүдөй айдоочусу нааразычылык акциясына чыгышты. Алар кардарлар үчүн коюлган тариф арзан болгондуктан такси кызматы өзүн актабай жатканын айтышууда. Айдоочулардын сөзүнө караганда, ушул тапта Ошто "Яндекс такси" бир чакырымына 30 сомдон алынат.

Азырынча "Яндекс такси" кызматы айдоочулардын нааразычылыгы боюнча жооп бере элек.

"Яндекс.Такси" Кыргызстанда адамдарды ташуудан сырткары тамак-аш, азык-түлүк жеткирүү менен да алектенет, анын баш кеңсеси Москвада жайгашкан.

Компания 2023-жылы Кыргызстанда каттоодон өткөнү белгилүү болгон. Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бул компаниянын кызматынын баасын жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирген. Коомчулукта ишкана бааны өтө эле жогорулатып жибергени тууралуу нааразылыктар айтылып келет.

Мындан эки жыл мурда жергиликтүү такси айдоочулар Бишкекте акцияга чыгып, "Яндекс.Такси" кызматын рыноктон чыгарууну, тиркемесине бөгөт коюуну талап кылышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости