www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорун ишке ашыруунун алкагында бүгүнкү күндө жалпысынан 3 млрд 396,5 млн сомго 6 миң 746 насыя таратылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен 5557 насыя күрөөсү менен жалпы 3 млрд 155,1 млн сомго, ал эми 241,4 млн сомдук 1189 насыя күрөөсүз берилген.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүу багытында күрөө коюлган шартта 868,8 млн сом суммасында 1840 насыя, 128,7 млн сомго күрөөсүз 640 насыя берилди.

Мал чарбасын өнүктүрүүгө күрөө менен 1 млрд 881,6 млн сомдук 3572, күрөөсүз 112,6 млн сомго 549 насыя берилген.

Айыл чарбасынын кайра иштетүү чөйрөсүн өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүү үчүн күрөөлүк негизде 404,6 млн сом суммасында 145 насыя таратылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости