www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын экономикасы бардык көрсөткүчтөр көрсөткөндөй, санкцияларга туруштук берип жатат. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Беларустун лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшүүсүндө билдирди.
"Ооба, албетте, баары оңой эмес. Бардык болуп жаткан иштер өкмөттөн өзгөчө көңүл бурууну жана күч-аракетти талап кылат. Негизинен бул аракеттер жакшы натыйжа берет", - деди Путин.
Эске салсак, апрель айынын аягында Владимир Путин орус экономикасы Батыштын кысымына туруштук берип, аны санкциялар менен басууга аракет кылганын билдирген.
Орус лидеринин айтымында, Батыш Орусияга каршы көптөн бери “экономикалык согуш” жүргүзүп, ар кандай шылтоолорду айтып, жаңы санкциялык чектөөлөрдү киргизүүдө. Путин ошондой эле орус бийлиги экономиканын туруктуулугун гана камсыз кылбастан, Орусиянын өнөр жайлык көз карандысыздыгын жана өнөр жайдын бир катар тармактарында дүйнөлүк лидерликти чыңдоосу керектигин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg