www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда маймыл чечеги катталдыбы?

Кыргызстанда маймыл чечек оорусу катталган жок. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен маалымдады. Маалыматка караганда, бүгүн, 23-майга карата маймыл чечеги дүйнөнүн Франция, Испания, Бельгия, Италия, Швеция, Австралия, АКШ жана Канада өлкөлөрүндө катталган. Ал эми Борбор Азияда бул оору катталган эмес.

Өзүңүзгө кам көрүү жана оорунун коркунучун азайтуу үчүн ДССУнун сунуштарын аткарыңыз:

- оорулуу приматтар менен байланышуудан алыс болуңуз;

- жапайы жаныбарлардын этин жегенден алыс болуңуз;

- колду дайыма дезинфекциялоо;

- жеке гигиенаны сактоо;

- жыныстык катнаш учурунда өзүңүздү коргоңуз;

- чоочундар же саякатчылар менен тыгыз байланышта болбогула.

Маймыл чечеги кадимки чечектин бир түрү. Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталган үчүн ушундай аталып калган. Мунун вирусунун түзүмү да кишинин чечегине окшош болот. Маймыл чечегин жуктурган адамдын дагы денесинде ыйлакчалар чыгып кетет.

2022-жылы 21-майда маймыл чечеги Афиркадан тышкары аймактарда жайылганы аныкталды. Европа өлкөлөрү, АКШ, Канада жана Австралияда оору жуктурган 100дөн ашуун учур катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости