www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ администрациясынын ведомстволор аралык делегациясы аймак менен байланышты бекемдөө максатында 23-27-майда Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстанга келет. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирди.
Делегацияны АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Лу жетектеп, анын курамына Орусия жана Борбор Азиядагы улуттук коопсуздук кеңешинин директору Эрик Грин, Коргоо министрлиги менен Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жогорку кызматтагы адамдары кирет.
Маалыматка караганда, америкалыктар төрт мамлекеттин бийлик өкүлдөрү, жарандык коом жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушат.
“Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде экономикалык кызматташтык, коопсуздук жаатында кызматташуу, "жалпы баалуулукту" колдоо, жергиликтүү маданият, аялдардын укугу, азык-түлүк коопсуздугу жана Ооганстандын качкындарына жардам көрсөтүү маселелерин талкуулоо бар”, - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg