www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самаркандда чет өлкөлүк туристтерге карата мыйзамсыз аракеттерге барган укук коргоо кызматкерлери жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз катчысы Шохрух Гиясов билдирди.

Анын айтымында, 21-майга караган түнү Самарканд шаарында Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү коңшу өлкөдөн келген туристтердин тек-жайын аныктоо учурунда аларга орой мамиле кылып, электр шокерин колдонгон.

Басма сөз катчы туристтер кайсы өлкөдөн келгенин так айткан жок. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, туристтердин арасында Казакстандын жарандары да болгон. Алардын жанында бардык документтери бар экенине карабастан, укук коргоо кызматкерлери туристтерди кармоону чечишкен.

ИИМдин Ички коопсуздукту иликтөө кызматы прокуратура менен биргеликте бул иш боюнча кызматтык тергөө иштерин баштаганы кабарланды. Анын жыйынтыгында мыйзам бузууга күнөөлүү бардык кызматкерлер менен жетекчилерди иштен алуу жана жоопкерчиликке тартуу маселеси каралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости