www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бул жерден бир чоң карьерист кошоматчынын кулагын көрүп жатам», - деди бүгүн, 26-июлда NazarNews маалымат агенттигине экономика илиминин доктору Айылчы Сарыбаев.

- Айылчы агай, айрым университеттер бириктирилип, беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилмей болуптур. Бул билим берүү системасын жакшыртууга багытталган кадамбы?

- Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса. Эркиндикти баарына бирдей бериш керек эле. Бул бешөөнө караганда алда канча татыктуулар калып калыптыр. Мисалы, Бишкек Гуманитардык Университети. Ич күйдүлүк кылып кээ бир кеңешчилердин кылганы билинип турат.

Айтор, бул жерден бир чоң карьерист кошоматчынын кулагын көрүп жатам. Эч кандай кусаматым жок. Бирок, Финтехти (Бишкек финансы-экономикалык техникуму) аябай шылдың кылышыптыр. Кимиси бийликке келсе эле ошонусу Финтехти алгысы келип калат.

Ал техникумдун деңгээли КЭУ эле эмес, КУУдан да алда канча жогору. Айтор, оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн болуп калыптыр. Бирок эркиндик керек. Себеби, ЖОЖдор чоң кичинесине, менчиктин түрүнө карабай билим бербейт, адистерди даярдайт. Рыноктук субьектилердин катарына кирет. Орусияда билим берүү министрлиги менен ЖОЖдор министрлиги эки бөлөк. Ошондуктан, билим берүү саясаты менен адистерди даярдоо саясатын эки бөлүп кароо керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости