www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурат Суталиновдун учурдагы сүрөтү жарыяланды

Мурдагы ички иштер министри Мурат Суталиновдун сүрөтү Facebook'ка жүктөлүп талкууга алынды.

Төмөндө элдин пикири:

Жигитали Темиркулов; Аз өмүрдө көптү көрду бу киши , турмуш тажрыйбасы мол , акырында тандаганы да акыл- парасаттуу адамдын эң сонун жашоосу болуптур.

Кылычбек Мурзалиев: Эң жаманы ал күчү барында бийлик күн-түн иштетип, анан керексиз буюмдай карабай койгону... Кимдер кемчилик кетирбейт... Кечиримдүү, күйүмдүү, кайрымдуу бололу...

Taalai Suerkulov: Ушул адамга боор ачыйсың. Жалгыз ушул тартты азапты.Өзү айткандай туура эмес кесип тандаган.

Алик Тилекматов: Эркек экен ушу. Куноосун мойнуна алып элден кечирим сурады. Ден-соолук берсин.

Улан Козубаев: Акыйкат бийликте эмес экенин билиптир да, Аллах Таала кылган ибаадаттарын кабыл кылган болсун!

Белгилей кетсек, Мурат Суталинов 2005 – 2006 — КР ички иштер министри;

2006 – 2010 — Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп иштеген.

Мурат Суталинов 1963-жылы Чүй облусунда туулган. Атасы Абдыбек Суталинов учурунда ички иштер министри жана Бишкек шаарынын аткаруучу комитетинин башчысы болгон.

Суталинов 2010-жылдагы 7-апрель окуяларында жарандардын окко учушу боюнча негизги фигурант катары өтүп жаткан. Жогорку сот аны 20 жылга чейин эркинен ажыраткан. 2012-жылы анын рак илдети бар экени аныкталып, оң бөйрөгү алынган. 2018-жылы ден-соолугу кескин начарлап кеткен.

2019-жылы Ленин райондук соту жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырбай, Суталиновду камакта калтырган. Жактоочулар бул чечимди Бишкек шаардык сотуна даттанышкан. Шаардык сот 2019-жылы 7-майда аны сот залынан бошоткон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости