www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Көп жыл иштеди демек, коррупционер деген сөз «атаң көп жашап, алжып калды» деген сөз менен барабар», - деди бүгүн, 15-августта NazarNews маалымат агенттигине экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев.

- Айылчы агай, №61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шек саналып кармалып, үй камагына чыкты. Бул нерсе коррупциялык схема мектептерге чейин жеткенинен кабар береби?

- Союздун убагында башкарма, директорлорду баланча жыл иштеп чарбаны же мектепти оңдоду деп сыймыктанчу элек. Азыр баары тескери болуп калды.

Коррупция болсо колунан кармап алып терисин тескери сыйрыбайбы. Көп жыл иштеди демек, коррупционер деген сөз атаң көп жашап алжып калды деген сөз менен барабар. Ошол алдынкы техника, технологияга ошол көп жыл иштегендерден окуп чыккандар жеткирип жатканын унутпагыла. Иштей албаса коллективи каякты карап турат.

Бул жерде көп жыл иштегендер эмес мамлекеттин башкаруу саясаты жоктугунан же кадр проблемасынан көрүш керек. Менчик формасында 100 жыл иштесе да болот. Мамлекеттик формасында 5 эле жыл деген акылга сыйбаган иш. Болбосо айырмасын мага түшүндүрүп бергилечи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости