www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция Бишкек шаарындагы «Кипиш» түнкү клубунун алдында болгон окуя боюнча маалымат берди. Биринчи май РИИБдин билдирүүсүнө караганда, 14-августта түнкү саат 3:30 чамасында түнкү клубдун алдында чыр чыккан.

Ал жерде бийчи Жан Воинов да бар болчу. Ал мушташкандарды бөлүштүрүп жатканда бетине муштум жеген. Воинов коргонуу максатында бетине урган адамды түрткөн, андан кийин аларды арачалап калышкан.

Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган, анын жүрүшүндө чыр учурунда асманга ок аткан жарандын өздүгү аныкталды. Ал 1993-жылы туулган Ж.Б. экени белгилүү болду.

Ж.Б.нын айтымында, түнкү саат 3:00 чамасында Медеров көчөсүндөгү унаа жуучу жайга барган.

Андан соң «Кипиш» түнкү клубуна барып, тааныштарын издеген. Ошол учурда көчөдө турган 3 киши бөтөлкөнү сындырып, бирөөнү урушуп жатканын көргөн. Ж.Б. массалык мушташты болтурбоо үчүн барсеткасынан «Добрыня» үлгүсүндөгү тапанчасын алып чыгып, эскертүү иретинде асманга ок аткан. Ж.Б. сурак учурунда мушташты козутууга ниети болбогонун, асманга куру дүрмөттү (холостой патрон) атканын билдирген.

Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражатында окуя тууралуу жарыяланганда, милицияга барып, тапанчасын берүүнү чечкенин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости