www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров иш бөлмөсүндө туруп эле шаарда курулуп жаткан мектептердин жүрүшүнө онлайн режиминде көзөмөл кылып турат экен. “Жумушчу күнүм курулушка көзөмөл жүргүзүүдөн башталат. Курулушту убагында бүтүрүүгө Президентке убада бергенмин. Буйруса, мектептерди өз мөөнөтүндө ишке беребиз” дейт Эмилбек Мырзакулович. Мэрдин чолосу жок болсо да биз менен маек уюштуруп, ошол эле учурда шаардагы чарбалык иштер боюнча бир топ маселелерди чечип жатты. Анда эмесе, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен болгон кызыктуу маекке назар салыңыздар.

— Эмилбек Мырзакулович, жаран, жетекчи катары сизге шаардын турмушу жат эмес. Баш калаага жетекчи болуп келгенден бери учурдагы шаардын абалы менен кеңири таанышып чыктыңыз окшойт. Бүгүнкү күндө шаарда кечиктирилгис чечүүнү талап кылган кандай көйгөйлүү маселелер бар экен?

– Шаарда проблема өтө көп. Бул баарына эле маалым. «Мурдагы жетекчилер антиптир, минтиптир» деп отурганга деле убакыт жок. Өзүмчө анализ кылып көрсөм, он жети жыл мурда Бишкек шаарында вице-мэр болуп тургандагы башкаруу системасы менен азыркыны салыштырсам, айырма асман менен жердей. Себеби, шаардын башкаруу системасында туруктуу саясат жүрбөптүр. Шаардын мэри тез-тез алмаша бергени дагы ишке кедергисин тийгизген. Алысты болжогон максаттуу иш пландары болгон эмес. Мэрдин узак мөөнөткө иштешине кепилдик жок болсо, бир жылда көзгө көрүнө турган иш жасоо кыйын. Анын кесепетинен кадрларды кызматка койгондо мүчүлүштүктөргө жол берилгенин байкадым. Реформа деп эле кагазга карап кадр тандай берген болбойт. Маселен, кадр тандоодо тесттен өткөрүп, ал компьютерде иштей алабы, мыйзамды, тилди билеби, айтор ушундай талаптар менен тандап алган адистин көп учурда кесипкөйлүгү эске алынбай калат. Компьютерди, тилди билет, а чарбага келгенде тажрыйбасы жетишпей, маселени чечүүнүн жолдорун билбей, тармакты аксаткан фактыларды көрүп эле жүрөбүз. Эң башкы маселе, шаардык башкарууда мураскерлик болушу керек. Ким жетекчи болуп келсе эле өзүнүн билгенин жасай бербей, шаарды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү планын иштеп чыгып, ким гана шаарга мэр болуп келбесин мына ошонун чегинен чыкпай иштөөсү кажет. Ошондуктан, Бишкек шаарынын мэри катары башкаруу системасынын туруктуулугун камсыз кылуу маселесин жолго коюуга артыкчылык берип жатам. Башкаруу бийлигинде эң биринчиден, тажрыйбалуу, кесипкөй адистер иштеши керек. Бул менин башкы принцибим.

Анан эми шаарда кечиктирилгис чечүүнү талап кылган маселелерди айтсам, биринчиси, калкты таза суу менен камсыз кылуу. Экинчи маселе, кыш келгенде шаарды кара түтүн каптап, дем алууга мүмкүн болбой калганын жакшы билесиңер. Жаз келери менен бул маселени унутуп калабыз. Бул дагы тез арада чечүүнү талап кылган көйгөй. Дагы бир маселе, шаардагы транспорт тыгындары. Жол эрежелерин сактабай, көрүнгөн жерди аялдамага айландырып алган айдоо-чуларды тартипке салышыбыз керек. Анан таштандыларды чыгаруу, кайра иштетүү маселеси көңүлдүн борборунда турат.

– Шаардык башкаруу бийлигинде акимдердин аткарган иштери анчейин билине бербейт. Мунун себеби эмнеде?

– Эң оболу акимдердин иштешине шарт түзүп беришибиз керек. Мурда бүт маселе шаардык мэрия аркылуу чечилип келиптир. Мен акимдерге ыйгарым укукту бөлүп бердим. Эми алар каражаттан баштап, жер, суу, таштанды, асфальт төшөө, керек болсо кадр маселеси болобу, бардыгын өз алдынча чече алышат. Ошону менен бирге акимдердин жоопкерчилигин арттырдым. Райондогу маселеге эми алар керт башы менен жооп беришет.

– Шаарда жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт маселеси курч коюлуп келе жатат. Ушул багытта шаардыктарды тейлөө өзгөчө болушу керек эле да…

– Туура айтасыз, борбор калаабызда калкты автоунаа менен тейлөө сапаттуу болушу керек эле. Бул маселе менин артыкчылык берген багытым болгондуктан, шаардык маршруттук тейлөөнүн сапатын жакшыртууга, заманбап автоунааларды алып келүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Шаарыбызда транспорт маселесин чечүүдө тендер маселеси көп убакытты алып жатат. Тендер жарыялагандан кийин конвертти ачыш үчүн үч ай күтүш керек экен.

Учурда «Шаардык транспортту электр­лештирүү» долбоору ишке ашырылууда. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Долбоордун алкагында 59,55 млн. АКШ доллары суммасында электробус-тарды сатып алуу пландалууда, анын ичинен 25,65 млн. АКШ доллары гранттык негизде, 25,0 млн. АКШ доллары 32 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген шарттагы кредит катары, ал эми 8,9 млн. АКШ доллары Кыргыз Республикасы тарабынан салыктардан бошотуу түрдө берилет. Мына ушул акчалардын эсебинен шаарыбызга 200гө жакын электробустарды алып келишибиз керек. Бул ичи-сырты видеокамералар менен жабдылган, экологиялык талаптарга жооп берген, ошону менен бирге шаардын көркүн чыгарган автоунаалар болуп эсептелет. Андан башка шаардык мэриянын бюджетинин эсебинен 100 автобус алабыз. Өкмөтүбүз дагы 100 автобуска акча бөлүп беребиз дешкен. Азыр маршруттардын схемасын түзүп, базасын даярдап жатабыз. Буйруса, жылдын аягына чейин автобустар келет. Негизи шаардын автобустарга болгон керектөөсү эки миң даананы түзөт.

Анан атамекендик өндүрүштү колдоо максатында «Белес» ишканасынын автобустарын алууну дагы караштырып жатабыз. Алар деле тендерге катышып жатат. Эгерде биздин койгон талаптарды так аткарып, өз убагында электробустар менен камсыз кыла ала турган болсо, эмне үчүн электробустарын албашыбыз керек?..

Шаардагы дагы бир орчундуу маселе, маршруткалар жөнүндө айта кетейин. Чынында маршруткалар өз убагында шаарыбызда жүргүнчүлөрдү ташууда көп жардам бергенин унутпашыбыз керек. Шаарга мэр болуп келгенден кийин эле жүргүнчүлөрдү ташыган фирмалардын башчылары менен жолугуп, жакын арада 5-6 айда калаага автобустарды киргизүү планымды билдиргем. Фирмалардын башчыларына кайрылып, «ким кааласа, автобустарды алып келгиле, өзүңөрдүн схема боюнча иштей бересиңер» дедим. Себеби, алардын арасында дагы 100-200 даана бустарды иштеткен ишкерлер бар. Алар туура түшүндү. Ал эми маршруткаларды шаардын сырт жагына жаңы конуштарга, кошуна райондордогу айылдарга каттаганга шарт түзүп беребиз. Бул эми акырындык менен боло турган иш.

– Сиз азыр эле таштанды маселесин айтып өттүңүз. Буга чейин таштанды тазалоочу комбинатты куруу боюнча ири кредит бөлүнгөн дешет. Айтор ушул маселеде кайчы пикирлер көп. Таштандыны кайра иштетүүчү долбоор чын эле ишке ашабы, же сөз жүзүндө кала береби?

– Баш калаабыздагы таштанды маселеси отуз жылдан бери көтөрүлүп келатат. Бул маселени сөзсүз чечишибиз керек. 2016-жылы Европанын реконструкция жана өнүгүү банкынан 22 млн. евронун жарымын кредит, калганын грант түрүндө алып, таштандыларды иргей турган линия курмак болушкан экен. Карап көрсөм, ушул долбоорду координациялаган киши болгон эмес. Бир сөз менен айтканда, 22 млн. евро максаттуу пайдаланылбай, иш аягына чыкпай калган. Эми азыр ушул долбоорду бир системага, тартипке салуу үчүн тармакка аудит кылып, текшерип бүттүк. Себеби, бул долбоор качан келген, кимдер иштеген, эмне болгонун так билишим керек да. Бүгүнкү күндө 22 млн. евронун 9,5 млн. евросу калыптыр. Калган суммасына техника алышыптыр, жерди тегиздешиптир, бирок, ойдогудай иш жасалган эмес. 22 млн. евро деген чоң акча. Эми ушул жерде айта кетүүчү нерсе, тендер деген коррупциянын бир элементи да. Бул жерде жоопкерчилик болбойт. Мына ушул долбоор боюнча тендерге катышкан Эстониянын бир компаниясы утуп алган экен. Чынын айтканда, эстондор келип бизге жан күйгүзүп иштеп береби? Бул коррупциялык схеманын үлгүсү да.

Негизи мэр катары ал жерге таштандыларды кайра иштетүүчү завод курууну пландаштырып жатамын. Азыркы күндө заводду куруу боюнча Германиянын, Россиянын, Турциянын, жалпы жонунан төрт компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Төртөөнүн кимиси биздин койгон шартка макул болсо, кызматташууга кол коебуз. Биздин шартыбыз мындай: таштандыларды кайра иштетүүчү заводду кура турган компания, шаардын тазалыгын толугу менен мойнуна алган бир чарба субъектиси болушу кажет. Таштандысын бирөө ташып, заводун башка адам иштеткени болбойт. Комплекстүү иш алып баруу зарыл. Таштандыны кайра иштетүүчү заводду курууга жер даяр. Тариф саясаты боюнча бир пикирге келиш үчүн бир аз убакыт керек болуп турат.

– Баш калаабызга элеттен келген жарандарыбыздын көптүгүнөн бала бакча, мектеп жетишпегени көптөн бери айтылып келе жатат. Азыркы күндө Бишкекте бюджеттин эсебинен 15 мектеп курулуп жатыптыр. Курулуш иштери кандай жүрүп жатат?

– Өзүңүз көрдүңүз ишти дал ушул курулуш иштерин көзөмөлдөөдөн баштайм. Президент Садыр Нургожоевич Жапаров борбор шаарыбызда мектептердин жетишсиз болуп жатканын туура түшүнүп, республикалык бюджеттен 2,5 млрд. сом бөлүп берип, төрт жарым айдын ичинде 15 мектеп, 1 бала бакча куруп бүтүрүү тапшырмасын берген. Курулушту талкуулап жатканда, «мектептин имаратын 1 кв.м. 820 доллардан курам» деген мамлекеттик курулуш агенттигинин төрагасынын каты бар болчу. Бирок, Президентибиз Садыр Нургожоевич, «1 кв.м. 650 доллардан кура аласызбы, Эмилбек Мырзакулович?» дегенде, «Кура аламын…» деп макул болгонмун. Анткени, мен куруучумун, курулуштун наркын жакшы билемин. Чоң жоопкерчиликти моюнга алып, буйруса, мектептерди доска, парта, компьютерлери, керек болсо пардаларын кошуп толук комплектиси менен өз убагында тапшырууга аракет кылып жатабыз.

– Тез арада курулуп бүтө турган курулуштун сапаты кандай болор экен? Курулуш компаниялары талапка жооп береби?

– Курулуштун сапатынан эч кандай күмөн саноого негиз жок. Жаңы технология, жаңы курулуш материалдары колдонулуп жатат. Бул курулушка эч кандай тендери жок эле Кыргызстандагы «мен» деген – «Авангард Стиль», «Лидер Хаус», «Ихлас», «Эталон Вин Спец Строй» баштаган ири компаниялар тартылып иштеп жатат. Себеби, алардын өзүнүн базасы, техникасы, бетон чыгаруучу заводу бар. Жүгүртүүчү акча каражаты дагы жетиштүү. Мен учурдан пайдаланып, ушул компаниялардын башчыларына ыраазычылык билдирип кетет элем. Анткени, бул компаниялар биздин өтүнүчүбүздү туура түшүнүп, чыныгы мекенчил позициясын көрсөтүп, учурда курулушта эки-үч смена менен иштеп жатышат. Күнүгө мектептердин курулушун онлайн режиминде карап

отурам. Кайсыл обьектиге канча адам жумушка чыкты, техникалары эмнеге токтоп турат, курулуш материалдары убагында келип турабы, баары менин көзөмөлүмдө. Маселе болсо аны тез арада чечүүгө жакындан жардам берип жатабыз. Учурда курулуп жаткан 16 объекти боюнча курулуш агенттиги сунуш кылган 820 доллардан эмес, биздин койгон 650 доллар баа боюнча эсепке алсак ушул долбоорлордон 10 млн. доллар мамлекетибиздин пайдасы үчүн үнөмдөлүүдө. Эгерде ушул курулуштарды тендерге бере турган болсок, миллиондогон доллар акчалар кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө кетиши мүмкүн эле.

– Шаардын генпланынын маанисин, шаар курулушунун маселелерин Сизчелик билген адис-жетекчи аз. Курулуштарды иретке келтирүү үчүн шаардык мэриянын күчү жетеби? Мыйзамсыз курулган обьектилердин абалы кандай болот?

– Мен өзүм курулуш тармагында он эки жылдан бери иштеп, көп кабаттуу үйлөрдү салып жүрдүм. Бул маселенин эки жагы бар. Биринчиден, деги эле кайсыл өлкө болбосун, курулуш тармагын «экономиканын барометри» деп коюшат. Эгерде, курулуш дүркүрөп жүрүп жатса, ал өлкөнүн экономикасы бакубат экен деп түшүнсө болот. Ошондуктан, курулушту колдоп, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга жардам беришибиз керек. Бирок, курулуш тартиби менен болушу кажет. Шаардык мэрия тарабынан бекитилген башкы пландын негизинде курулушу зарыл. Кийинки убактарда курулушчубу, базарда иштейби, иши кылып акчасы барлардын баары курулушчу болуп алган. Шаардын 2026-жылга чейин бекитилген башкы планы бар. Башкы планды, норманы бузган курулуштар өтө көп. Мына ушундай тартипсиз курулуштарды мыйзамга баш ийдирүү керек.

Жакында эле Башкы прокурордун жетекчилиги алдында коррупцияга каршы жыйында ушул маселелер көтөрүлдү. Шаарыбыздагы Жаш Гвардия көчөсүндө жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, жанындагы үйдүн үстүнө түшкөнүн билесиз да. Адам өмүрүнө коркунуч келтирди. Коомчулукта ушул курулуш боюнча шарт эле шаардык мэрияны күнөөлөй башташты. Эми түшүндүрүп берейин. Биринчиден, Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик курулуш агенттиги курулушту курууга уруксат берет. Ансыз бир дагы курулуш жүрбөйт. Долбоорду жасатып, курулуш агенттигинен экспертизадан өткөрүшөт. Экспертиза жободо каралган талаптар боюнча карап, корутунду чыгарып берет.

Курулуштун жүрүшүнө көзөмөлдү дагы мамлекеттик курулуш агенттиги жүргүзөт. Курулуш бүткөндө курулуш агенттиги кабыл алат. Эми мындай шартта мэрия кантип шаарда курулуш саясатын жүргүзө алат? «Алманы аким жеди, таякты жетим жеди» дегендей, күнөөсүз күнөөлүү болуп жатпайбызбы. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги мыйзамсыз курулуштарды тартипке салуу боюнча атайын мэрияга тапшырма берген. Ушул маселе боюнча токтомду даярдап Министрлер Кабинетине киргизгемин. Эми буга мамлекеттик курулуш агенттиги каршы чыгып жатат. Мурдагы жетекчиси тартипке келтирүү маселесин колдогон, себеби ал курулушчу болчу. Азыркы курулуш агенттигинин жаңы дайындалган жетекчиси маселени түшүнө албай жатат окшойт.

Союздун маалында «Фрунзешаардол-боор» деген институт болор эле. Анын макулдугу жок шаарда бир дагы объекти курулчу эмес. Себеби, ал институт шаардын башкы планын кынтыксыз аткарган мекеме болчу. Москва, Астана, Ташкентте, бүт эле ири шаарларда ушундай тартип сакталып калган. Себеби, шаар куруу саясатын мэрия жүргүзүшү кажет. Биз өзүбүздүн шаарыбызда ким эмне куруп жатканын билишибиз керек да. Мэрия жоопкерчиликтен качпашы керек. Мен ошого даярмын.

– Бишкек шаарын кээ бирөөлөр «чоң базар» деп айтышат. Жаңы типтеги, заманбап долбоорду камтыган шаар куруу маселеси күн тартибинде жокпу?

– Мен жогоруда сөз кылгандай курулуш тармагы жанданса, адамдар жумуш менен камсыз болот, салыгы төлөнөт. Ар бир курулушка салган бир сом, артынан он сомду ээрчитип келет. Бул мыйзамченемдүү көрүнүш. Жаңы шаар куруу демилгесин бүгүн эле айтып жаткан жокмун. Буга чейин үч-төрт жыл мурда эле жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат бергемин. Биздин башкы максатыбыз шаардагы ар кандай автотыгындардан, экологияны бузган түтүндөн бошотуу. Анын бир эле жолу бар. Ал – жаңы шаар куруу. Мектеби, бала бакчалары, эс алуучу жайлары, айтор, замандын талабына жооп бере турган, заманбап технологиялар менен шаар курушубуз керек. Жаңы шаардын эскиздик долбоорлорун даярдап койдук. Шаарыбыздын түштүк-батыш тарабындагы абасы таза, тоого жакын аймактан 100 гектар аянтты Министрлер Кабинети жаңы шаар куруу үчүн чечип берип жатат. Бул шаарды түз инвестициянын эсебинен курууну караштырып жатабыз. Жаңы шаардын долбоорлору боюнча инвестициялык фонддор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдим. Долбоорубузду жактырып, колдогондор бар. Азырынча оозеки макулдашуулар болуп жатат. Биринчи этабы 100 гектарга курулат. Анан акырындык менен улантып кете беребиз.

– Эмилбек Мырзакулович, шаардын ичинде калаанын көркүн бузган көптөн бери кароосуз калган имараттар көп. Мына ушуларды бир жаңсыл кылуунун жолу барбы?

– Мени дагы түйшөлткөн маселе ушул.Туура байкаптырсыз. Шаарыбыздын так борборундагы Киев көчөсүндөгү Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратын он эки жылдан бери баннер менен жаап, коноктордун көзүнөн корголоп келдик. Шаардын ардактуу жараны катары айтайын, чынында бул уят иш. Президент Садыр Нургожоевич, ушул имараттын ордун жаңыртуу боюнча мага тапшырма берген. Имаратты сүрдүрүп таштоо боюнча комиссиянын чечими чыккан. Бул имараттын ордуна Германиядан атайын үч вариантта долбоор жасатып келдик. Чынында эле сонун долбоор. Имаратты бузуп бүткөндөн кийин ошол жерди ачык аукционго коебуз. Бирок, биз сунуш кылган долбоорду гана курушу керек болот. Буга өлкөбүздүн төрт бурчундагы ишкерлер катыша алат. Электрондук форматтагы аукцион түз эфирде ачык өтөт.

Экинчи бир кароосуз калган обьекти Жибек-Жолу көчөсүндөгү мончону жакшы билесиңер. Авариялык абалда болгондуктан, төрт жылдан бери иштебей туруптур. Эски имаратын буздуруп, ордуна шаардык бюджеттин эсебинен заманбап шарттагы со-циалдык мончо куралы деп атабыз.

Анан дагы бир жаңылык, шаарыбызды тең ортосунан бөлүп өткөн Чоң Чүй каналынын жээги боюнча атайын башкы план жасалууда. Каналдын жээги толугу менен адамдар эс ала турган жайга айланат. Сууда кайык

сүзүп, кээ бир жерлеринде өзүнчө шаркыратмалары болот. Белгилүү ишкер, меценат Аскар Салымбеков ушул башкы план боюнча Чоң Чүй каналына курула турган жерлерди жергиликтүү ишкерлерге бөлүп берүү демилгесин көтөрүп жатат. Алар биз сунуш кылган долбоорду бузбай куруп бериши керек. Негизи Чүй каналы эле эмес, шаарыбызды аралап өткөн Ала-Арча, Аламүдүн дарыяларынын жээгин эс алуучу жайга айландырууну максат кылып келебиз.

– Сиз буга чейин Кыргызстанга ири инвестиция тартууга салым кошуп келдиңиз эле. Андан калса мэриянын милдети калкты жумуш менен камсыз кылуу эмеспи. Инвестиция тартып, ири өндүрүш ишканаларын ачуу-га мүмкүнчүлүктөр жетиштүүбү?

– Эң туура маселени көтөрүп жатасыз. Шаарды түп тамырынан бери өзгөртүш үчүн өтө чоң инвестиция керек. Бюджетти карап отура берсек эч качан өнүгө албайбыз. Инвестициянын эсебинен кумдун үстүндөгү аймактар гүлдөгөн шаарга айланып жатпайбы. Борборубуз көрктүү шаар болоруна көзүм жетет. Мэр катары шаардагы күнүмдүк турмушта кездешкен маселелер менен алек болбой, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө иштешим керек. Азыркы күндө он долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келем. Мисалы, 120 гектарды ээлеген кайрагач багын алалы. Мына ушул жерге атайын долбоор жасаттык. Эми Ысык-Көлгө бара албагандар ушул жерде эс алышат.

Бул долбоордун инвестору даяр. Экинчи ири долбоорубуз, шаарыбызга Монорелстерди киргизели деп жатабыз. Мунун баары келечектин иши. Абдыкадыров бүгүн-эртең эле бүтүрүп кое албайт бул долбоорду. Ушуну жарандарыбыз туура түшүнүшү керек . Бул долбоорлор келечекти көздөгөн стратегиялык өнүгүүнүн бир бутагы десем болот. Андан башка темир жолду шаардын сыртына чыгаруу каралууда. Бул долбоор борборубуздун башкы планына киргизилген. Көп кабаттуу автоунаа токтотуучу жайларды куралы деген пландарыбыз бар. Буйруса жакында ушул долбоорлордун айрымдарынын бет ачарын кылабыз.

Булак: Кыргыз Туусу гезити

Последние новости