www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-августта саат 14:00дө Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен түз жолугушуу болот дегенинен аталган элчиликке барып, бир аз болсо дагы мигранттардын көйгөйлүү маселелерин айтып келели деп барсак чыкпай койду, - деп «NazarNews» маалымат агенттигине Бакытбек Курманбаев билдирген.

--«Миллион деген мигранттардын тагдыры күндөн-күнгө оорлошуп бара жатат! Эмне максатта элчи эл менен түз жолуга албайт! Бийлик ага тез арада чара көрүп, РФнын элчилигине тең ата сүйлөшө турган, билимдүү адам келсин!

Ага кошумча, «Москвадагы элчилигибиз бизди жолушууга чакырган эле. Биз келдик, 10-15 адам чогулдук. Бирок элчи Гүлнара Клара-Самат өзү чыккан жок, биздин көйгөйүбүздү уккан жок!», - деп билдирген Москвадан Бакытбек Курманбаев.

Андан сырткары 2004-жылдан бери Москва шаарында иштеп, жашап келген кыргызстандык жаран да Россия Федерациясындагы элчиликтин ишин сындады.

"Элчи эжебиз келгенден бери эл менен жолуккан жок. "Элчи" деген сөз бар, бул эл менен бирге болуш керек дегенди билдирет. Азыркы элчиликте эл менен коомуникация жок болуп жатат", - дейт мигрант.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости