www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2023-жылы улуу жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгы. Ал эми Айтматовдун 95-жылдыгын белгилөө боюнча мамлекеттик деңгээлде эч кандай иш-чара планданган эмес. Бул боюнча президенттин токтому да чыга элек. Мындай пикирин NazarNews маалымат агенттигине Апрел баатыры Төлөгөн Наралиев билдирди.
- 2023-жылы улуу жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгы. Эмне үчүн бийлик адамдарынын жана өлкө башчынын оозунан Чыңгыз Айтматов тууралуу сөздөр чыкпайт?
- Алар Чыңгыз Айтматов жана Чыңгыз-Ордо тууралуу ачык жообун бере алышпайт. Эл менен жолугушууда кичине болсо да, айтып кетсе болмок Эмне биз ушул деңгээлге жетип калдыкбы? Мени жана силерди дүйнө элине тааныткан Ч.Айтматов эмес беле же жалганбы? Эмне мынча өгөй мамиле кыласыңар? Ч.Айтматовдун да кусуру уруп кетпесин, төбөлдөр!
Бир жыл мурун 95-жылдыгын белгилөө боюнча Президент, өкмөттүн буйруктары, токтомдору эмне үчүн чыкпайт? Иш-чаралары иштелип, жана даярдыктар болбойбу? Биздин өлкөнү кимдер башкарып жатат, түшүнгөн жокмун.
Эл менен жолугушууда келген бийликтин өкүлдөрү өтө пастыгыңарды көрсөтүп жатасыңар. Берген суроолорубуз жана көтөргөн маселелерибиз ошол залда эле калгандай болуп жатат...
Ал жерде жалпы 250 адам болсо, 200-адамы мамлекеттик кызматкерлер. Мындай жолугушууну биринчи жолу көрдүм.
Эске салсак, буга чейин Башкы прокурар Курманкул Зулушев жана ИИМдин жетекчиси Улан Ниязбеков баштаган өкмөттүн тобу Талас облусунун тургундары менен жолугушуу өткөргөн.
Булак: NazarNews.kg