www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик ЖОЖдордун бардыгына кайрадан офицерлерди даярдаган кафедраларды ачыш керек. Мындай пикирин экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев билдирди.

«Урматтуу «Коом жана экономика» группасынын мүчөлөрү. Силерге Советалынын Президентке карата берген сунушуна кошумча ушуларды ортого салдым.

Биринчи негизи мектеп окуу китептеринин сапаты Кудайга үнү жеткидей болуп калган. Балдарга жакшы жазылган китеп керек десе эле монография менен окуу китебинин айырмасын билбеген проектин жеӊүүчүлөрү (капа болушпасын) жогорку окуу жайынын студенттери да түшүнбөгөн китептерди жазып беришиптир. Кыргыз тили, кыргыз адабияты, кыргыз тарыхы, география китептрин неберелерим түшүнбөй мага келип сурашат. Мен деле божомолдоп түшүндүрүп берем.

Экинчи негизги маселе окуу программаларын, аларга бөлүнгөн сааттарды Билим жана илим министри кайсы адистикти бүтүрсө ошол адистиктин сабактарын көбөйтө берип акмагын чыгарды. Кыргыз тарыхы, кыргыз тили, орус тили, кыргыз адабияты (Манас таануу) мектептин программасында толук кандуу камтылат. Жогорку окуу жайларынан адистик алуу үчүн ошол сабактардан экзамен берет же тестен өтөт. Дагы кайталайм. Жогорку окуу жайлары адистерди даярдайт. Демек мектепте окутулган сабактарды ЖОЖдорго таӊуулоо жапайычылыктын белгиси.

Үчүнчү маселе орто мектептин окуу программасы 12 жылды камтыш керек. 1-5: 6-9: 10-12 класстар болуш керек. Бул мезгилдин талабы. Илим жана техниканын дүркүрөп өсүшү, жашоо темпинин жогорулашы мектепте жаӊы технологиянын базалык билимин берүүгө, чет тилдерин мурункудан көбүрөөк билүүгө муктаж кылып турган мезгил. Эгерде техника менен технологиядан артта калсак, чет тилдерин билбесек өлкөдө эч кандай өсүш болбойт. Карлик мамлекет болгонубузга байланыштуу аскердик алгачкы билим берүүнү мектептен башташ керек. Дин таанууну светтик мамлекет катары жалпы түшүнүк катары кошумча сабак кылып киргизиш керек. Кааласа динчил болсун. Бирок мамлекетке зыяны тийбесин. Жыйырма биринчи кылымда жашагандан кийин 1000 жыл мурунку түшүнүктөргө кайтуу жалпы адамзат үчүн түшүнүксүз процесс катары кабыл алынат.

Мамлекеттик ЖОЖдордун бардыгына кайрадан офицерлерди даярдаган кафедраларды ачыш керек. ЖОЖдорду мамлекеттик жана мамлекеттик эмес адистерди даярдаган бизнес-структуралары катарында караш керек. Эркиндик бериш керек. СССР убагында мамлекеттик ЖОЖдорго коюлган талаптарды рыноктун жана илим менен техниканын өсүшүнө жараша өзгөртүш керек. Пандемия кризиси түшүбөгөндөрдү түшүндүрдү окшойт. Окуу процесстеринде экстерный экзамендер менен дистанттык (заочный) окууну (онлайн) кеӊири жайылтыш керек. ЖОЖдор билим бербейт. Адистерди даярдайт. Адис болгуӊ келсе өзүӊ оку. Сенин жакшы же жаман адис болушуӊ өзүӊө керек. Эч кимге дооматыӊды артып сүзгүлөбө. Каалабасаӊ окуба. Адистик алба. Көчө шыпырсаӊ да жаныӊды багасыӊ. Ал адистик көп, бул адистик көп деген суу кечпеген сөз. Ошолордун баары конкуренттер. Конкуренция жок өсүш жок.

Билеги күчтүү бирди жыгат, Билими күчтүү миӊди жыгат же таяк менен замбиректей айырмасы болот. Билимди мектеп берет. Демек мектептердин, мугалимдердин статусун бийик көтөрүш керек», - деп белгилеген Сарыбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости