www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден:

АКШ президенти Джо Байден Орусиянын президенти Владимир Путин Украина менен толук масштабдуу согуш баштоону эбак эле чечкенине ынаганын билдирди.

Байдендин маалымат жыйынын 19-февралга караган түнү Current Time каналы көрсөттү.

АКШ президенти тактоочу суроолорго жооп берген эмес, болгону Кошмо Штаттарда "күчтүү чалгындоо коомчулугу" бар экенин белгилеген.

Байдендин айтымында, басып алуу учурунда Украинанын борбору Киевге кол салуу болушу мүмкүн. Бирок ал кол салуу жерденби же абаданбы тактаган жок. Орусия Украина чек арасына жакын, анын ичинде Беларустун чек арасына да “150 миң аскер” чогултканын кошумчалады. Ал чабуул жакынкы күндөрдө же кийинки аптада болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Акыркы эки күндө Украинанын аскерлери жана Донбасстагы жикчилдер бири-бирин ок чыгарууга айыпташкан. Киев жикчил топтор мурдагы түнү 60-70 жолу ок чыгарганын жума күнү 20дан ашык ок атылганын кабарлаган. Ошол эле маалда өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялап алган жикчилдер украин аскерлерин айыпташууда.

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУ) миссиясы аталган эки аймакта соңку суткада 500дөй жарылуу болгонун каттап, тараптарды ок атууну токтотууга чакырган.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников Донбасс аймагында атышуулар күчөгөнүн "Кремлдин колдоосу менен ишке ашып жаткан чагым" деп атаган. Москва болсо аймакта кырдаал кайсы убакта болбосун “жалындап кетишин” эскерткен.

Атышуулар Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалуу курчуган мезгилге туура келди. Батыш өлкөлөрү Донбасстагы жаңжалды чагым катары пайдалануу менен Орусия Украинага басып кириши мүмкүн деп кооптонуп турушат. Орусия тескерисинче "украин тарап аталган аймакта чагым даярдап жатат" деп Киевди айыптоодо.

15-февралда Орусиянын Коргоо министрлиги Украина менен чек арасынын айланасында топтолгон аскерлер жана техника аскердик машыгуулар аяктагандан кийин артка кайтарылып жатканын жарыялаган. Москва бул маалыматты 16-17-февралда да билдирген. АКШ, НАТО жана Украинанын бийлиги Орусия аскерлерин Украинанын чек арасынан артка тартканы байкалбаганын жарыялап, кол салуу коркунучу дале сакталып турганын билдирди.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында Донбасстагы эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты дүйнөдө бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости