www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-июнда Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана Good Neighbors International уюму Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюшту.

Долбоор айыл аймактарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, айыл чарбасын, мал чарбачылыгын, кайра иштетүү тармагын жана логистиканы өнүктүрүүгө, ошондой эле калктын кирешесин жогорулатууга багытталган.
Долбоордун экинчи фазасы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында ишке ашырылат. Анын алкагында фермерлерди жана кооперативдерди колдоо, айыл инфраструктурасын өнүктүрүү, логистикалык борбор куруу, микрокредитке жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана агрардык секторго санариптик чечимдерди киргизүү каралган.

Бул долбоор 2021–2025-жылдары ишке ашырылган биринчи фазанын уландысы болуп саналат. Анын жыйынтыгында айыл чарба өндүрүмдүүлүгү жогорулап, мал чарбачылыгы өнүгүп, инфраструктура жакшыртылып, айыл чарба менен алектенген үй-бүлөлөрдүн кирешеси өскөн.

Министрликтин маалыматына ылайык, экинчи фазанын ишке ашырылышы аймактардын агроөнөр жай потенциалын чыңдоого, соода-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана айыл жамааттарынын туруктуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

Последние новости