www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайда баратабыз? Айзаданын өлүмүнө айыпталып, жумуштан айдалган Бакыт Матмусаев ИИМдеги атайын полктун командири катары дайындалыптыр. Бул эмне, шылдыңдообу?

Чырактай кыздын өмүрүн сактап кала албаган, убагында кылмышкерге кармоо операциясын киргизбеген, ошол кезде Бишкек ШИИБни жетектеп отурган Матмусаев кичине уялып, пенсияга кете берсе болбойт беле? Эмнеге эле кызматка тырмышат?

Жогорку жетекчилик, президенттин администрациясы дал ушундай каргашалуу окуядан кийин калыс баа беришпейби? Айтор, суроолор көп. Өкмөт шалаакы жетекчиден арылгандын ордуна карьералык секирик жасата берсе, үлгү көрсөтпөсө, аягы жакшы бүтпөй калат да.

Укук коргоо органдары адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту айгинелеп, жол салбаса, карапайым элибиз кантет? Эх, жалган дүйнө...

Булак: Азия News гезити

Последние новости