www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шамен тобу менен тогуз канат жасалгалуу ак боз үйгө келгенде айланага боз түшүп, бир аз мунарыктап , тоо башынан көтөрүлгөн күндүн нуру боз мунарыкка жуурула аптабын төгүп, жел жүрбөй, аба демди кысып үп тартып турган. Жоон-Арык суусунун бети шарпылдап акканы менен, жээктери токойго оронуп, тоо этектеринен ылдый төгүлө агат. Шамен таң алдындагы чымчыкты ойлоп койду.

Жоон-Арыкты бойлой конгон айыл демейкиден башка түз берет. Тогуз канаттуу боз үйлөргө катар бир топ боз үйлөр тизилген. Боз үй ортосунда бири-бирине каттагандардын карааны кылтыңдайт. Ар биринен бир-аз обочо керилген кермелерде байлануу аттар турат. Күтүп турган жигиттер ошол кермеден аттарын алган соң, тобу менен боз үйгө салам айтып киришти. Бул жасалгалуу ак боз үйлөрдүн ичинде адеми туш кийиздер, жабык баштар тагылган, оро кийиздер үстүнө кара саксак көлдөлөңдөр салынып, жаңы капталган жууркандардан жүктөр жыйылып, жаздыктар жыйылган. Эпчи жаккы улагадан өйдөрөөк кийим илүүчү ала бакандар коюлган. Бул үйдү тейлөө үчүн сөөгү таза, тарбиялуу жаш жубайлар дайындалган экен.

Шамен төргө өтүп орун алган соң үйөз башчысы менен анын жардамчысы Шабдан киришти. Кечээ Бишкектен бүгүнкү шайлоого катышуу үчүн келишкен. Конокторго кой союлуп, аш бышырылып түндө конок камы болгон.

-Шамен баатыр!- деп кайрылды отурган соң Шабдан,- Сиз Ормонхандын кеңешчиси катары  көп нерсени билесиз. Угуп калабыз, ал киши да кыргыз элинин биримдиги үчүн башын сайып, башка жактар менен күрөшүп келген. Кыргыз элине кылкылдаган кытай да коколоп келген кокондуктар да жакшылык көрсөтпөсүн ал билиптир. Ал эми Кененсары менен да тил табыша алган жок. Ормонхан деле  жөлөк боло турган улуу мамлекетти издегендир.

Шамен Шабдандын сөзүнө жооп берди:

-Ормон кыргыз эли үчүн калканч издегени чындык. Бирок эмнегедир бул орус бийлигинин пейили бузулуп бараткандай. Калыгул олуя алдын-ала көрө билип айткан окшойт. Мына Бишкек менен Караколдо көчүп келгендерди кабыл ала турган атайын жайлар даярдалып, алыскы жерлерден орустар көчүп келип, айыл кура баштады. Булар эртеңки күнү биздин жерлерди талашпас бекен? Эми өз мыйзамын таңуулай баштады.

Шамен сарбагыш уруусунун майдаланып он төрт болуштукка бөлүнүп кеткенине кападар эле. Анын үстүнө кечээки Ормонхандын баласы Үмөталы орустар менен кармашканы үчүн, сүрүлүп жүрүп, эми араң элине келип кошулду. Ал эми сарбагыштын бир үзүгүн гана чойгон манап Жантайдын бир муунга жакын кичүү баласы Шабдан кечээ кокондуктарга каршы күрөшүп, Бишкек менен Токмокту алууда оруска күч бергени үчүн, орус чинин алып үйөзгө жардамчы болуп менменсинип турат. Үчүке ким, Түлкү ким? Жантайдын кеңешин укмак түгүл, каалаган убакта малын алып турган Ормонхандын тукуму майдаланып кетеби? Эсенкулдун дагы бир небереси Шамендин баласы Байтерек болуштук үчүн Ниязбектин баласы Түлкү менен акыйлашып турат. Мурунку заман болгондо Ниязбек менен Куттуксейиттин балдары Карабектин балдарына салам берчү беле?

-Орустар мыйзам менен жашашкан зор жана күчтүү мамлекет. Буга чейин дыйкандары кул катары байларына баш ийип келишиптир . Азыркы ак падыша  кул болуп келген дыйкандарына эркиндик берип, башын бошоткон дыйкандары жаңы орустардын карамагына өткөн жерлерге келип жатканы чындык.

-Шабдан баатыр! –деди Шамен ага кайрылып,- Орустар келип эле айыл-кыштактарды куруп жатышат. Бул айыл-кыштактары менен Кокон, Кытайга сүр көрсөтүп, бизге окшогон элдерге таканчык болсун, мейли анысы дурус. Бирок, эртеңки күнү жерибизди, жайытыбызды тартып алып, өзүбүздү сүрүп чыкпайбы?

 Ак падыша Александр 1861-жылы Орус империясында крепостнойлук укукту жоюп, башы бошогон орустар чет жактарда чыгып жаткан. Бишкек менен Караколдо орус дыйкандарын кабыл алуучу пункттар уюшулуп, аларга жардам катары басып алган жерлерден үлүштөр бөлүнүп бериле баштаган.

-Кокон менен Кытай эмес, учурунда Кененсары баштаган казактарга да орус мамлекети каршы турган. Мен орустардын жандыралынан уктум. Ормон кыргыз колу менен Кененсарыны Мыкандын сазына жакын кармап турганда, Кененсарыга жардам берүүгө казактар кол топтошуп келаткан. Эгер ал аскер кошууну Кененсарыга кошулуп кетсе, биздин азабыбызды бермек экен. Ошол колду орус аскери тосуп кармап калышыптыр.

-Жеңген элдин баатыры көп деп койот.  Эми Ормонхан Кененсарыны жеңип алган соң мен кыйынмын деген баатырлар четинен табыла бербейби. Орус аскери Ормонго жардам бере турган болсо, анда өздөрү эле Кененсарыны кармап, же аскерин талкалап салмак эмес беле. Анда эмнеге алардын кошуунун бизди көздөй бурушкан? Кичи жүз менен орто жүздүн кээ бир уруулары Орусияда эле, алар өздөрүнүн карамагындагы жерлерге  Кененсарынын келишин каалашпай, биз тарапты көздөй жөнөтүшкөнү чындыкка жакын келип жатпайбы? - деди Шамен.

-Кененсары хан орустар үчүн чоң жоо болгон.

- Ормонхан орустар үчүн жакшы шартты түзүп берген. Кененсары хан алардын биз тарапка келиши үчүн кекиртегине тыгылган сөөк болуп келген. Кене хан турганда орустар Кичи жүздөн бери жыла алмак эмес. Кененсарыны Ормондун колу менен жайлады. Ормонду бугунун колу менен жайлады, эми бугуну өздөрүнө тартып, бир кезде аларды биз жакка жолотпой келген Кененсарыны жайлаган Ормондун баласын канчага куугунтуктап жүрдү?

- Ормон, Ормон эле дейсиз жарыктык. Ормон атабыз деле уруу арасында чабышта үзүлбөдүбү? - деп сөздү үздү Шабдан.

Заман ай, не болуп баратат деп кейип отурду Шамен солтону Канайдын токолунун баласы Байтик бийледи, бугуну кыздын себине келген Жылкыайдардын балдарынын колуна өттү. Кул менен токолдун балдары качан бийлик башына келишчү эле? Бул Ниязбектин токолунун баласы ушул күнү болуштукту талашып турган Түлкүгө да тиешелүүдөй. Мына бул жерде отурган Жантайдын баласы Шабдан Үмөталыдан алда канча өзүн жогору сезип турат.

Шайлоого болуштук үчүн жыйырма алты жаштагы Шамен уулу  Байтерек менен аталаш бир тууганы Түлкү экөө ат салышмакчы. Намыс деген намыс экен, атасынын губернатор Колпаковский менен мамиле куруп, кадыр-баркы өсүп жатканын көрүп, орустун жаңы чыккан жобосуна ылайык Байтерек агасы Түлкүгө каршы аттанды.

«Ниязбектен сегиз бек,

Телегейи тегиз бек» - дегендер Ниязбек хандын байбичесинен сегиз уулу: Бердибек, Бердикожо, Ормон, Шатен, Субан, Ажы, Рыскулбектер. Ормону жаш кезинен тыӊ чыгып саяк -сарбагыш чабышында саяктын колуна түшүп калат. Ошондо саяк билермандары Ниязбек ханга Ормонду сатып ал дегенсип, киши жиберишет. Ниязбек да жѳн сүйлѳбѳй: «Ормонду мага демектен бышырып жесин, Ормондон башка уулдарым деле жетет» -деп койгон экен. Ормон туткундан качып келип, кийин кыргызга хан болгон. Түлкү Ниязбектин баласы, бирок «сегиз бектин» катарына кирбейт. Ниязбектин  токолунан баласы. Ким бийликти сүйбөсүн, Түлкү Шаменди бийликтен эңшерип алуу үчүн болуштукту талашып, шайлоого катышмай болду.

1867- жылы чыккан жаңы мыйзам боюнча болуш менен бийди үч жылга таш салып шайлашкан. Ар бир элүү түтүндөн бир таасирлүү адамды элүү башылыкка дайындашкан. Шайлоого башкалар катышпастан мына ушул элүү түтүндүн атынан элүү башы катышып таш салган. Албетте, элүү башы жетектеген топ бир сөздү болушкан. Жеңип чыккан талапкерди аскер-губернатору бекиткен соң гана болуш болушкан. Мындай болушту шайлоолорго үйөзнойлор катышып, ылым санагандарына тартып турган. Болуштардын колуна ченемсиз бийликтер берилген, салык чогултуудан баштап, жайыттарды бөлүштүрүүгө чейин болуштар чечкен. Болуштар өзүнүн карамагындагы бийлерди шайлоодо катышып келген. Ар бир айылга шайланган бийлер ошол айылда болгон доолорго көз салган. Өтө чоң доолор болуштар, бийлер, манаптар биргелешкен топтордо каралган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Последние новости