www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финляндия менен Швецияны НАТОго кабыл алуу үчүн Түркия жана Хорватия койгон шарттар альянстын ичиндеги ажырым күчөп баратканынан кабар берет. Бул тууралуу кытайлык Global Times порталындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.

"НАТО Москва менен тирешүүдө өз мүчөлөрүнөн Вашингтонго баш ийүүсүн суранат. Ошол эле учурда катышуучу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске албай жатат. Бул Европадагы саясий күчтөрдүн ортосундагы карама-каршылыктарды ого бетер курчутат", — деп айтылат макалада.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган эки өлкөнүн альянска мүчө болушуна каршы экенин билдирген соң Хорватиянын президенти Зоран Миланович өз өлкөсүнүн НАТОдогу туруктуу өкүлүнө каршы добуш берүү тапшырмасын бергенин айтып чыкты. Ошондой эле ал Украинанын бирикмеге кабыл алынышына каршы экенин билдирди.

"Вашингтон Москваны алсыратууга ниеттенүүдө, бирок альянстын көптөгөн өлкөлөрү Орусия коопсуздукка коркунуч келтирет деген пикирге кошулгусу келбейт. НАТО аймагын канчалык кеңейтсе, уюмдун ичиндеги жарака ошончолук чоңоё берет. Ак үй менен Кремлдин ортосундагы чыңалуунун күчөшү альянстын бардык мүчөлөрүнө коркунучун алып келет", — деди макаланын автору.

Эске салсак, 15-майда Швеция менен Финляндия Түндүк атлантика альянсына кире турганы боюнча биринин артынан экинчиси маалымат тараткан. Стокгольм менен Хельсинки көп жылдык нейтралдуулуктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеп кыла баштаган эле. Учурда бул маселе боюнча НАТОго мүчө өлкөлөрдүн арасында кайчы пикирлер жаралды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости