www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук идея өлкөнүн баардык күчтөрүнүн башын кошуп, бириктирген ураан катары мамлекеттик саясаттын өзөгүн түзүп турат. Франклин Рузвельттин жаңы экономикалык курс саясаты АКШны Улуу депрессия кризисинен алып чыккан, япон керемети улуттук саясаты менен өнүккөн индустриалдуу өлкөгө айлантты. Азыркы учурда улуу “Манас” эпосуна таянып, маданиятты, тилди өнүктүрүүгө багытталган башкы идеологияны мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жигердүү жүргүзүүдө.

Глобалисттердин ириген саясатына каршы улуттук идеология Кыргызстандын жалпы элинин биримдигин сактоо менен өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган. Ошон үчүн “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы тууралуу” концепция кабыл алынган. Бул программалык документтин негизинде маданият жана искусство, билим берүү, илим тармагында, массалык маалымат каражаттарында улуттук кайра жаралууну шарттаган идеология мамлекеттик катчы тарабынан белсемдүү уланып жатат. Ага болбой эле айрым журналисттер жеке пикирлерин таңуулап, сындап киришти.

Кызыгы, кээ бир алысты көрө албагандардын баамынан алсак, өткөн чакка кайрылсак: мамлекеттик катчы кошоматчылыктын бийик үлгүсүн көрсөтүп, Майрам Акаеваны “канайым” деген атка кондуруп, беш бүктөлүп төшөлүп, кечилдей кызмат кылган баягы Осмонакун Ибраимов эске келүүдө. Оштоңдогон Осмонакун мамлекеттик катчы болбой эле Акаевдердин үй-бүлөсүнүн катчысы болгону элдин баарына бештен белгилүү эмеспи.

Ага караганда атан төөдөй айырмасы бар, улуттук биримдикти, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү, Ала-Тоо аймагынын бүтүндүгүн көздөгөн мамлекеттик идеологияны ырааттуу жүргүзүп жаткан Сүйүнбек Касмамбетовго жеке пикирлерибизди таңуулабай, жалпы элдик ишке тирек боло турган конструктивдүү, омоктуу ойлорубузду ортого салалы.

Булак: Азия News гезити

Последние новости