www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизге жеткен маалыматтарга караганда Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештеги миссиясын аяктаганы турат. Депутат болгон бир жарым жылдан бери кошоматчылыктын үлгүсүн көргөзүп, калың элдин катмарына "кошоматчы", "пахтакор" деп таанылды. Аны өзү деле мойнуна алып: "Эми бул менин тагдырым экен да", - деп айтканы бар.

Кыскасы, керек учурда суудан тайыз, чөптөн жапыз болуп, керек учурда жеңден кончко куюлуп көлдөлөң болуп төшөлүп жүрүп май-талкандуу кызматка барганы калды.

Сыягы, эмгегинин үзүрү ушул экен, сатылат делген, "Мега" (мурунку Мегаком) компаниясына директор болуп бара турганын уктук. 

Эми кошоматчылыктын устуканы колуна тийсе, өркүндөтүп өстүрөбү, же сатылганы турган компаниянын жаназасын биротоло окуп, мүлжүп жок кылабы, кызматка барганда көрөбүз. 

Кудай сактасын андан ары "жем" болуп саясаттан алданып бүтүндөй кетип калабы? ...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости