www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык өлкөлөрдө коркунучтуу ооруу пайда болду

13-февралда ысык өлкөлөрдө эбола ооруусунан кийин ысытма пайда кылган жугуштуу оору тууралуу маалымат тараган. Жаңы тараган марбург вирусу оорулууну өлүмгө алып келген жогорку ылдамдыкта тараган вирус.
 
Маалыматка ылайык, өлкөнүн батышындагы Киентем провинциясында ушул убакка чейин 9 бейтап каза болду. Алынган анализдер бул вирустук  ысытма экенин тастыктайт, деп билдирет Сенегалдагы Пастер институту.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча, дагы 16 адам вирус менен карантинге алынган. Алардын бардыгында дененин титирөө, чарчоо, кан аралашуу сыяктуу оорунун белгилери бар. ДСУ жардам көрсөтүү үчүн жабыркаган аймакка медициналык кызматкерлерди жөнөттү, деп айтылат маалыматта.

Оору катталган эки айылда иш-чаралар чектелген. Бейтаптар жана алар менен мамиле кылгандарга чектөө киргизди.

Бул өлкөдө катталган биринчи окуя, ал эми Африка континентинде үчүнчүсү.

Аталган вирус адамдарга мөмөлүү дарактарда жашаган жарганаттардан жугат жана кан, тер жана шилекей аркылуу адамдардын ортосунда тарайт. Бул ооруга каршы вакцина же дары жок болсо да, адистер бул ооруну жуктуруп алды деп шектелгендерге сууну көп ичүүнү сунушташат.

Марбург вирусу буга чейин Анголада, Конго Демократиялык Республикасында, Кенияда, Түштүк Африкада жана Угандада катталган.

Эскерте кетсек, буга чейин бул вирус Африкада жайыла баштаганын кабарлаганбыз.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости