www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калпак - кыргыздын улуттук эркек баш кийими. Көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан, ак калпак деп аталат. Ал алгач агыш (боз) кызгылт түстөгү кылчык, кийин ак уяң жүндөн жасалган. Бышык басылгын кийизден төбөсү бийик, этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок чыгарылбай, астарсыз, бир гана тигиш менен бириктирилип, ошол жери маңдай жагы деген. Бара-бара бычымы менен формасы өркүндөтүлүп, көркөмдөлө баштаган. Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат.

Калпактын түзүлүшү, калпактагы ар бир түс жана ар бир оюу өзүнчө маанини туюндуруп турат. Ошол маанилер эл ичинде кандайча чечмеленет?

Калпак бири-бирине дал келген 4 талаадан куралат. 4 талаа биригип келип кыргыз эли байыртан мекендеген Ала-Тоону чагылдырат. Демек, мекенибиздин символун берет. Калпактын ак кийизден жасалганы анын ыйыктыгын, аруулугун түшүндүрөт. Калпак – байыркы баш кийим. Аны кийген адам ата-бабаларынын тарыхына тамырлашып, элинин салтына, маданиятына бекем байланышат. Калпактын ыйыктыгы да ушунда.

Кыргыздар уулу балагатка жеткенге чейин кыюусу жашыл калпак кийгизишкен. Бул баланын жаңыдан жетилип келе жатканын туюндурат. Ошондой эле балага көз тийбесин деп калпактын маңдайын эки ача кылып тилип коюшкан.

Уул бала балагат жашына жеткенде кыюусун кызыл түскө алмаштырышкан. Мындай калпак кийген бала кыз жандап жүрүүгө, өзүнө жар издөөгө акылуу болгон. Илгери айылга кыюусу кызыл калпак кийип, башка жактан келген жаш жигитти көргөндөр “и-и, кыз издеп келген тура” деп түшүнүшкөн. Жеңелер андай уланды сынай карап, бой жеткен кайын сиңдисине ылайык келерин же келбесин байкашкан. Эгер ылайык көрсө, жигитти кепке тартып, аты-жөнүн, тегин сурап, кайын сиңдиси менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзүшкөн. Ошентип, калпактагы кыюунун арты менен жигит өзүнө жар табууга жетишкен.

Жигит үйлөнүп, өзүнчө үй-жай күткөндө кыюусу кара калпак кийгизишкен. Мындай калпакты илгери кыз тарап даярдап келип, күйөө балага тартуулашкан. Кара кыюу жигиттин үй-жайы бар экендигин, жигит ак-карасы аралаш турмуш шарына кошулганын баяндаган.

Кокус жары көз жумуп кетсе, анда эркек кырлары кара менен бастырылган калпак же кара кийизден жасалган калпак кийген. Кайра нике жаңыртканда кыюусу ак болгон калпак кийүүгө өтчү.

Эгер адам өз айылдаштарынын же өз уруусунун алдында кадыры жогорулап, эл башкарууга кудурети жетип калса, анда андай адамга аппак түстөгү калпак кийгизишкен. Мындай калпакты калыс, акылман, көсөм адамдар да кийүүгө акылуу болушкан.

Уруу башчылары, бийлик ээлери карапайым калктан айырмаланып турушкан. Алар даражасы жогору экендигин билдирген төбөсү шуңшуйган, кыюусу жок ак калпакты кийишкен. Андай калпак кийинчерээк “Бакай калпак” аталып кетти.

Жаш балдарга колдой жүрсүн деп Умай эненин, көз тийбесин деп карганын тырмагын, тилеги дайыма суудай аппак болсун деп булактын жана башкалардын образын оюу менен чагылдырышкан. Ошондуктан оюулар да “Умай эне”, “карга тырмак”, “булак” оюмдары деп аталат.
Жигиттер аңчылыкка, куш салууга жакын болсо, калпактарына ошол маанини камтыган оюм-чийимдер түшүрүлгөн. Мисалы, “тоо теке”, “бүркүт”, “аркар” оюмдары. Эл баатырларына "илбирстей", "бөрүдөй", "жолборстой" деген салыштыруулар көп колдонулгандыктан, калпактарына “илбирс”, “жолборс” жана башка түрдөгү оюулар түшүрүлгөн.

Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Калпак - кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ата-бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк. Кыргыз өмүрү 40- 35 кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой, узак уламалуу санжыра.Мырзаларыбыздын башынан ак калпай ар дайым түшпөсүн. ал ысыкта нормалдуу температураны сактап, муздакта суук өткөрбөгөн улуу касиети бар.

Эске салсак, баш кийим майрамы режиссер Рыспек Жабиров тарабынан демилгеленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости