www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ак-Кудук айыл өкмөтүнө мыйзамсыз таштанды талаасы аныкталгандыгына байланыштуу 68 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө айыл өкмөтүнүн аймагынан уруксатсыз уюштурулган таштанды төгүүчү жай аныкталган.
Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык үч протокол түзүлүп, жалпы суммасы 68 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча айыл өкмөтүнө милдеттүү түрдө аткарылуучу эскертме (предписание) берилди.