www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын коргоо министри Борис Писториус Литвада өткөн, НАТОнун чыгыш канатын коргоого арналган «Freedom Shield» аскердик машыгуусуна катышты.
Беларусь менен чек арадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Пабраде полигонундагы машыгууга НАТОго мүчө 8 өлкөдөн 2900гө жакын аскер жана 800дөй аскердик техника тартылган. Алардын 2300ү Германиянын Бундесвер аскерлери.
Окуу-машыгууда 300дөн ашуун дрон колдонулуп, учкучсуз аппараттарды пайдалануу жана аларга каршы күрөшүү ыкмалары сыноодон өткөрүлүүдө.
Германия Орусия-Украина согушунан кийин Литвада аскерлерин туруктуу жайгаштыруу милдетин алган. Планга ылайык, 2027-жылга чейин 4800 аскерден турган немис танк бригадасы толук кандуу кызматка кириши керек. Азыркы тапта Литвада Бундесвердин 1800дөй кызматкери кызмат өтөп жатат.