www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атбашы районуна караштуу Ак Муз айылынын 2007-жылкы бүтүрүүчүлөрү 10 жылдык майрамдык кеченин урматына өздөрү окуп бүткөн Боогачы орто мектепбине 10 метрден ашуун желек орнотуп беришти. 1989-жылы төрөлгөн айылдын кулундарынын бул белегине мектеп гана эмес жалпы айылдыктар рахматын айтышууда. Аталган айылда мектептин бүтүрүүчүлөрү 10, 20 жылдык кечелерде мектепке же айылдыктар үчүн керектүү иш бүтүрүп берүүнү салтка айландырышкан.
10 жылдык майрамдык кеченин уюштуруучуларынын бири Жакшылык Бердибек уулунун айтымында желек орнотуунун мааниси абдан чоң. Жакшылык Бердибек уулу, 10 жылдык бүтүрүүчү:
-Илгери кайсыл бир жерди же мамлекетти энчилеп алууда желек орнотуу менен билдирип, бул жер биздики деген маанини чагылдырган. Желек орнотуу бул жеңиштин белгиси. Кыргызстандын желегин колунан келген адамдар ар кайсыл жерлерге орнотуп, бийик желбиретсе бул патриоттуулук сезимди ойготот. Кыргызстандын желеги көп жерге орноп, жерибиз, аймагыбыз чоң кубаттуу мамлекетке айланалы. АКШнын кинолорунда же телеберүүлөрүндө ар бир имараттан, ар бир кабинеттен мамлекеттик желекти байкоого болот.
Ал мамлекетте катардагы кичи кызматкердин кабинети болсо дагы АКШнын кичинекей желегин коюп алышат. Бул деген ошол кино, телеберүү, керек болсо кабинет дагы АКШга тиешелүү деген сөздү туюндурат. Дүйнө жүзүндөгү эң байыркы желек Дания жана Иран мамлекеттеринде сакталып, азыркы күнгө чейин колдону келишет.
Булак: NazarNews.kg