www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОнун Башкы катчысы норвегиялык Йенс Столтенберг жакында кызматынан кетет. СССР тирүү кезинде НАТО он алты мамлекетти бириктирген. СССР 1955-1991-жылдары НАТОго каршы Варшава келишиминде ушуга чукул мамлекет болгон. 1990-жылы Берлин дубалы урап социалисттик мамлекеттер СССРден жүз буруп, бул согуштук блок жок болгон. Ал эми 1991-жылы СССР тараган соң, бүгүнкү күнгө чейин НАТОнун саны отузга жетти.

Эми да НАТО Чыгышты көздөй жылып Украина, Грузия, Молдованы кошуп алгысы келет, буга албетте, Орусия каршы турат. Британиянын кызматтан кетип жаткан премьер-министри Борис Жонсон келерки сентябрда азыркы баш катчы Йенс Столтенберг кызматтан кеткенде НАТОнун лидери болуп калышы мүмкүн.

Басылманын маалыматына караганда, жогорку кызматтагы торилер НАТОнун кийинки баш катчысынын кызматына Борис Жонсондун талапкерлигин колдошот. Жонсонго чейин бул кызматка Улуу Британиянын коргоо министри Бен Уоллес, ошондой эле Британиянын мурдагы премьер-министрлери Тереза Мэй жана Дэвид Кэмерон талапкер катары эсептелген, деп жазат гезит.

Басылманын маалыматына караганда, Евробиримдиктин жаңы армиясын түзүү боюнча АКШнын пландарын байма-бай жарыялаган европалык саясатчылардын ишенбестигинен улам НАТОнун баш катчысынын кызматына Британиянын өкүлү көптөн бери сунушталып келген. 2019-жылы Тереза Мэйдин ордуна премьер-министр болгон Жонсон 7-июлда премьер-министр жана Улуу Британиянын консервативдик партиясынын лидери кызматынан кетерин жарыялаган.

Ал министрлер кабинетинин жаңы жетекчиси дайындалмайынча ишин улантат. Британ кабинетиндеги бир катар отставкалар Борис Джонсондун өкмөтүндөгү эки негизги министрдин – каржы министри Риши Сунактын жана саламаттыкты сактоо министри Сажид Жавиддин кызматтан кетиши менен башталды. Орусия эмнеге НАТОну чоочутуп жатат?

Акыркы жылдары НАТОнун кеңейүүсүнө итиркейи келип турган Орусия дүйнөдөгү эң чоң өлкө. Аянты 17 098 242 чарчы километр жана 11 убакыт зонасына созулат. Орусия АКШ жана Кытайдан эки эсе, Индиядан беш эсе, Британиядан 70 эсе чоң. Бирок элинин саны Кытай, Индия, АКШ, Пакистан, Нигериядан аз. Орусиянын 75% жери Азиядан орун алганы менен бул жакта жарандардын 22% гана жашайт.

Москва НАТОдон Украинага жана башка мурдагы советтик өлкөлөрдү уюмга мүчө кылуудан баш тартууну жана Чыгыш Европага аскер күчтөрүн жайгаштырууну токтотууну талап кылып келет. «Кес куйругуңду, кес» - дешип, 1991-жылы Борбордук Азияны славяндар бөлүп салган. Ошондо Борбордук Азия биригишип, бир мамлекет түзүү тууралуу кеп болгон, бирок өз алдынча кетишкен.

Түркмөнстанда газ, нефти чыгып «камчы салдырбай» кетти. «Газпромду» газы менен багып жаткан да Түркмөнстан. Азыр Иран – Түркмөнстан – Казакстан темир жолу курулду. Буларың Батышты көздөй «оюн салып» кетпесин деп, Ашгабатка катуу каптай баштады. Токаев да аркандын учун ыргытып турат. Деги энергияга бай Түркмөнстанга көз арткандар көп.

Ал эми Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан Орусия менен Кытай сыяктуу зор державалар менен биригип, 1996-жылы «Шанхай бешилигин» түзөт. СССР тараганга чейин эле мурун согуштук чыр-чатактарга чейин чырлашып турган Кытай менен мамиле оңоло баштаган. СССР тарар менен Борбордук Азиядагы энергиялык запастар АКШ сыяктуу ааламга бийлигин орноткусу келген мамлекеттин көзүн кычыштыра баштаган.

Муну сезген Орусия бул аймактагы өз таасирин сактап калыш үчүн, Бээжин менен бириге баштайт. 2001-жылы бул уюмга Өзбекстан кошулуп, «Шанхай алтылыгына» же Шанхай кызматташтык уюмуна айланат. Азыр Афганистан, Индия, Пакистан, Монголия, Иран сыяктуу лөк-мамлекеттер кошулабыз дешип жулунуп турушса, Белорус, Түркия, Шри Ланка «шире шаг» деп, ШКУ дегенде жалпаганынан жата кала баштады.

Орусия НАТО сыяктуу зор уюмга тете, керек болсо зор стратегиялык уюм түзгүсү келет. Орусия экономикалык саясатын ЕвраАзЭС аркылуу чечип, ШКУ менен жалпы адамзаттын глобалдуу маселелерин чече тургандай. ШКУну Кытай «Шенген визасын» жүргүзгөн Евросоюздай кенен экономикалык уюм катары эсептегиси келет.

Эгер Кытайдын оюна койсок, чек араны ачып, экономикалык кенен аймак түзүүнү каалашат. Албетте, АКШ сыяктуу зор мамлекеттер Кытайды экономикалык жактан муунтуп жатканда, кытайлыктар үчүн экономикалык кенен аймак керек. Бирок, зор аймакты тез эле каптатып жиберүү да мезгилдин талабы эмес..

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости