www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Ысык-Көл районунун бир нече айылын сел каптады

Бир күн мурда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ысык-Көл районунун бир катар айылдарында үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, саат 21.30дар чамасында таш-шагыл аралашкан суу Каракол капчыгайындагы эки көпүрөнү тосуп калган. Түп районунун Балбай жана Күрмөнтү айылдарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам турак жайларды, ички жолдорду жана айыл чарба талааларын суу каптады.

«Аймактарды тазалоо бүгүн эртең менен улантылды. Объектте Каракол шаардык куткаруу кызматынын жана Түп райондук ӨКМнин куткаруучулары жана техникалары иштеп жатат. Мындан тышкары, Сары-Булак айыл өкмөтүнө атайын техникалар жөнөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости