www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Распутин келечекти алдын ала билип, кара сыйкырчы болгонбу? Ошондой эле ханышанын сүйгөнү жана немис тыңчысы болгонбу? Ал чындап эле сарайда оргия уюштурганбы? Анан аны уу да, ок да алчу эмес беле? 20-кылымдын эң мистикалык инсаны тууралуу уламыштардын топтомун тартуулайбыз.

1-уламыш. Распутин өз жанын шайтанга сатып кара сыйкырчы болгон

Бүтүм: бул чындык эмес

Григорий Распутиндин портрети. Теодора Краруп тарабынан тартылган сүрөт. 1915

Кээ бир замандаштар чындап эле Распутинди шайтандын инкарнациясы деп аташкан. Ал эми 1914-жылы анын өмүрүнө кол салган Хиония Гусева өзүнүн аракетин жалган пайгамбарды, жада калса Антихристи өлтүргүсү келгени менен түшүндүргөн. Бирок, Ыйык Сино Распутинди эч качан шайтанга сыйынуу же сыйкырчылык деп шектенген эмес. Ал эки жолу хлыстардын сектасына же ушул сыяктуу окууларга кирген деп айыпталган, бирок ал бул айыптоолр боюнча акталган. 

1990-жылдары, көптөгөн кино экранизацияларынын аркасында Распутиндин образы массалык маданиятка кирген. Дал ошондо анын образы авантюрист жана мистика катары гана эмес, башка дүйнөдөгү күчтөр менен байланышы бар каардуу сыйкырчы катары да пайда болгон. Ошентип, "Хеллбой" (1994) комикс сериясында Распутин күчтүү сыйкырчы, ал эми 1997-жылы тартылган "Анастасия" анимациялык тасмасында ал өзүнүн күчү үчүн жанын саткан сыйкырчыга айланган башкы антагонист.

2-уламыш. Распутин келечекти алдын ала айта алган. Ал революция жана үчүнчү дүйнөлүк согуш тууралуу айткан

Бүтүм: бул чындык эмес

Григорий Распутин. Санкт-Петербург, 1910–1916-жылдар

Григорий Распутин Петербург чөйрөсүндө өзүнүн руханий жүрүм-турумунун жана табып жөндөмдүүлүгүнүн аркасында атактуу болгон. Анын кыраакылыгынын далилдери да бар болчу, бул ага адамдардын тагдырын божомолдоого мүмкүндүк берген (мисалы, бактысыз нике сыяктуу). Келечекти көрүү жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү кийинчерээк - Распутин өлгөндөн кийин пайда болгон, тагыраагы анын аты мистика менен байланыша баштаганда.

Распутиндин өзгөчөлүктөрү жөнүндө сөз кылып жатып, алар көбүнчө өзүнүн руханий насаатчысынын ойлорун кошкон ханыша Александра Феодоровнанын күндөлүгүнө, же 1912-жылы жарык көргөн «Такыба ойлор» китепчесине шилтеме беришет. Экөө тең руханий мүнөздөгү кыска сөздөрдүн тизмеси, анда эч кандай божомолдор жок. Распутиндин көзү ачыктыгы бар башка булактар, мисалы, ханышанын эң жакын досу Анна Вырубованын күндөлүгү тарыхчылар тарабынан жалпысынан жалган деп таанылат. 

Ошол эле учурда, ханышанын күндөлүгүнө жазылган Распутиндин сооротуучу убадаларынын бири бул - согуштагы жеңиш же анын уулу ханзаада Алексейдин тактыга кириши жөнүндө айтканы да аткарылган жок. Анын өлүмү династиянын жок болушун билдирет деген Распутиндин эң атактуу "божомолу" анын кызы Матрёна Соловьеванын көрсөтмөсүндө айтылат. Анын атасы падышанын үй-бүлөсүнө "мен өлгөндөн кийин сарай да болбойт" деп эскерткен имиш. Бул, ар кандай күчтөр аны падышанын үй-бүлөсүнөн обочолонтууга аракет кылган учурда ага жардам берген манипуляциялардын бири болсо керек.

3-уламыш. Распутин сарайда оргия (бир нече адамдын катышуусундагы интимдик байланыш) уюштурган. Ал эми алардын негизги катышуучусу ал өзү болгон

Бүтүм: бул чындык эмес

 Григорий Распутин күйөрмандарынын курчоосунда. Санкт-Петербург, 1914-жыл

Распутиндин бузуку жүрүм-туруму тууралуу кептер Петербургдун коомчулугун «карыя» (Распутин) сарайга келгенден тарта толкундаткан. Полиция бөлүмү атайын Распутиндин жүрүм-туруму тууралуу материалдарды чогултуу менен алектенип, ал тыкыр көзөмөлгө алынган. Бул материалдарда шаан-шөкөттөр жана сойкуларга баруу тууралуу үзгүлтүксүз эскерүүлөрдү табууга болот. Убактылуу өкмөттүн чукул тергөө комиссиясынын тергөөчүсү Владимир Руднев бул далилдерди карап чыгып, 1917-жылы мындай деп жыйынтыктаган: 

"Распутиндин ашыктык жоруктары жеңил ойлуу кыздар жана шансонет ырчылары менен болгону түнкү оргиялардын рамасынан чыкпай турганы маалым болду. Ал эми жогорку коомдун айымдары менен жакындыгы тууралуу айтсак, бул жагынан байкоо жана иликтөө иштеринин натыйжасында алгылыктуу материалдар алынган эмес".

Ошого карабастан, айрым жогорку коомдун айымдары, өз көрсөтмөлөрүндө, Распутин менен ынак экенин моюнга алган, бирок алар оргиялар жөнүндө жалпы ушактарды четке кагышкан. Рудневдин айтымында, Распутин өзү "жогорку чөйрөлөр менен достук мамиледе болгон жана анын өсүшүнө милдеттүү болгон адамдар менен интимдик жакындык" иллюзиясын түзүүгө аракет кылган.

4-уламыш. Распутин ханыша Александра Феодоровнанын сүйүктүүсү, ал эми ханзаада Алексейдин атасы болгон

Бүтүм: бул чындык эмес

 Ханыша Александра Феодоровна Григорий Распутин, балдары жана алардын бала багуучусу Мария Вишнякова менен. 1908-жыл

Распутин падышанын үй-бүлөсүнө 1905-жылдын ноябрында, ханзаада Алексей төрөлгөндөн бир жарым жыл өткөндөн кийин тааныштырылганы анык белгилүү. Ал эми ханыша менен Распутиндин ортосундагы интимдик байланыш тууралуу ушак-айыңдар, кыязы, 1912-жылдын башында тараган. Ага Александра Феодоровнанын рухий устатына жазган жеке каты себеп болгон. Андагы айрым сөздөр окурманды алардын мамилеси достуктун чегинен өтүп кеткен деген ойго алып келиши мүмкүн. Мисалы, мындай сөздөр болгон:

«Сенсиз мен үчүн кандай азаптуу. Сиз, мугалим, жанымда отурганда гана бактылуумун. Колуңардан өөп, ийиниңерге башымды ийип таазим кылганда гана эс алам. Оо, кандай жеңил, мага ошондо оңой. Анда мен бир нерсени гана каалайм: уктап калуу, ийиндериңизде, кучагыңызда түбөлүк уктап калуу.

Бирок бул каттын аныктыгы күмөн туудурат: анын түп нускасы эч качан табылган эмес, анын көчүрмөлөрү гана Санкт-Петербургда тараган.

Биринчи дүйнөлүк согуш башталуу алдында цензура калктын бардык катмарында ханыша менен Распутиндин ортосундагы сүйүү мамилеси тууралуу ушак тараганын аныктаган. Ошентип, падыша Николай II өзүнө Георгив крестин койгон тасманын демонстрациясы дайыма көрүүчүлөрдүн :«Падыша-Ата Егорий менен, ал эми падыша-Эне Григорий менен» деген сыяктуу тамашасы менен коштолуп турган. Көбүнчө ошол эле темадагы порнографиялык карикатуралар, аңгемелер жана ырлар кездешкен. Өзгөчө тергөө комиссиясы сурак учурунда Александра Федоровна менен Распутиндин ортосундагы мамиленин чоо-жайына өзгөчө кызыккан, бирок тергөөчүлөр бул популярдуу имишти далилдей алышкан эмес. Падышалык үй-бүлөнүн күндөлүктөрү жана кат алмашуулары да Распутин менен ханышанын ортосундагы ынак мамиленин бир да белгисин камтыбайт.

5-уламыш. Распутин экстрасенс болгон жана гемофилия (кандын уюшунун бузулушуна алып келүүчү ооруу) тууралуу билчү

Бүтүм: бул чындык эмес

Григорий Распутин. 1916-жыл

Замандаштары Распутиндин көздөрү гипноздук таасир калтырганын белгилешкен. Бирок, бул гипноз аларга кандайдыр бир таасир эткенин көпчүлүк четке кагышкан. Распутиндин кызы 1919-жылы мындай деп айткан:

«Атам чындыгында гипноздун эч кандай ыкмасын билген эмес. Адамдарга болгон таасири, балким, анын рухий энергиясы жана Кудайга болгон ишеними менен абдан күчтүү болгон. Митрополит Вениамин ошондой эле Распутин "гипнозчу же шарлатан эмес, жөн гана өзүнүн күчү менен адамдарга карата аракет кылганын" эске салган. Жок эле дегенде, көпчүлүк Распутиндин "чымыны" бар деп ишенишкен. Заманбап илим гипноз феноменин танбайт, бирок анын күчү гипноздолгон адамдын ишениминен көз каранды экенин моюнга алат.

Кандайдыр бир деңгээлде, бул Распутиндин падышанын үй-бүлөсүнө болгон таасири да тиешелүү. Ал элдик "дарыгер" катары падыша менен ханышага сунушталган. Ошол учурда медицина падыша Николай II нин жалгыз жана көптөн күткөн уулу Алексейдин оорусу - гемофилияны жеңүүгө кудурети жетпегени белгилүү болгон. Кандай жаракат болбосун ички кан агууларга алып келип, анын натыйжасында пайда болгон гематомалар кичинекей ханзаадага адам чыдагыс азаптарды тартуулаган. Распутиндин ханзааданын физикалык абалына тийгизген оң таасири жөнүндө көптөгөн ар кандай шилтемелер бар, бирок деталдуу документтештирилген маалыматтар жок. Сыягы, Распутин тактынын мураскеринин азабын кандайдыр бир жол менен жеңилдеткен окшойт. Ханзаада Алексейдин устаты Пьер Гиллиард, Распутиндин сыйынуусу уулуна ооруп жатканда жардам берерине ханышанын ынанганын жазган. Александра Федоровна кыялданып кеттиби, же анын ишеним күчү чындап эле таасир эттиби, жооп берүү мүмкүн эмес.

Бирок, биз бир нерсени так айта алабыз: Распутин өз бейтабын гемофилиядан сактап калган эмес. Алексейдин ооруусунун күчөшүнүн акыркы учуру 1918-жылы Тобольскиде, анын кайгылуу өлүмүнөн бир нече ай мурун болгон.

6-уламыш. Распутинди уу да, ок да алган эмес

Бүтүм: бул чындык эмес

Григорий Распутиндин өлгөндөн кийинки сүрөтү. 1916-жыл

1916-жылдын 17-декабрына караган түнү Григорий Распутин Мойкадагы Юсупов сарайында өлтүрүлгөн. Эң кеңири тараган версия боюнча, анын өлүмүн каалагандар Распутинди калий цианидине ууландырууга аракет кылып, үч жолу ок атып, сабап салышкан. Ар бир жолкусунда Распутин укмуштуудай жол менен тирүү калган жана жигердүү каршылык көрсөткөн. Кээ бир булактар ​​анын сөөгү Невага ыргытылганда да ал дем алып жатканы айтылат. Бирок, бул окуялар бир гана князь Феликс Юсупов менен киши өлтүрүүнүн негизги уюштуруучулары болгон оңчул саясатчы Владимир Пуришкевичтин эскерүүлөрүнө негизделген. Алар Распутиндин өлүмүн мистикалык көз карашта, ал эми өзүн түзмө-түз Орусиядан кутулууга тийиш болгон таза эмес күч катары көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Ошол эле учурда Юсупов менен Пуришкевичтин далилдери кызматтык иликтөөнүн маалыматтарынан айырмаланып турат. Экспертизанын материалдарына ылайык, Распутиндин денесинде уулануунун изи табылган эмес. Биринчи октун жарааты өлүмгө алып келген, бирок өлүм 10-20 мүнөттөн кийин келмек. Экинчи ок Распутин качууга аракет кылып жатканда далысынына тийгендиги айтылып келет. Акыркы ок ал жерге жатып калганда атылган. Өпкөсүнөн суу же чөгүп кеткен өлүмдүн башка белгилери табылган эмес. Ошентип, алган жарааттарынан улам Распутиндин табияттан тышкаркы күчкө ээ эмес экендигинен кабар берет

7-уламыш. Распутиндин өлүмү - Британиянын чалгындоо кызматынын иши. Анын өлүмү менен падышанын үй-бүлөсүн алсыратышы керек болгон

Бүтүм: бул чындык эмес

Гришка Распутиндин өлтүрүлүшү. «Эркиндик» антологиясынын 1917-жылдагы 1-санындагы карикатура

Распутинди өлтүрүүнүн себептеринин арасында, бир жагынан, падышанын үй-бүлөсүн жаманатты кылган фигурадан кутулуу каалоосу болгон. Башка жагынан алып караганда, Распутин бардык жол менен Николай II ни Германия менен тынчтык келишим түзүүгө көндүрдү деген тынымсыз ушактар. Биринчи дүйнөлүк согуштан Россия империясынын чыгышы Батыш фронтундагы кырдаалды бир топ татаалдаштырмак.

Распутиндин өлтүрүлүшү менен "британиялыктардын байланышы" бар деген кептер окуянын өзүнөн көп өтпөй пайда болгон. Николай II ошол күндөрү "распутиндин өлүмүнө ханзаада Феликс Юсуповдун колледждеги досу болгон жаш англиялык адамдан" шек санаганын Англиянын элчиси Джордж Бьюкенан эске салды. Сыягы, Британиянын жашыруун чалгындоо бюросунун агенти Освальд Райнер тууралуу айтылса керек. Райнер чынында эле Юсупов менен Оксфорд университетинин колледжинде окуп жүргөн кезинен берки жакын досу болгон. Кийинчерээк ханзаада өзү да Райнердин Распутинди өлтүрүүнү уюштургандардын катарына киргенин мойнуна алып, өлтүрүлгөндүн эртеси күнү ага келген. Британ чалгындоо кызматынын тарыхчысы Эндрю Кук Распутиндин өлтүрүлүшү жөнүндөгү китебинде Райнер жана башка эки британ чалгын агенти (капитандар Стивен Алли жана Джон Скайл) макулдашууга жигердүү катышканын көрсөткөн далилдерди келтирген. Тактап айтканда, алардын тукумдарынын сөздөрүнө таянып жазган. Бирок эң ишенимдүү далил катары 1916-жылдын 25-декабрында агенттердин биринин экинчисине жазган каты эсептелет:

«Иштер планга ылайык жүрбөсө да, биздин максатыбыз ишке ашты. "Кара күчтөрдүн" өлүмүнө реакция жакшы, бирок бул ишке кеңири катышууга байланыштуу кээ бир ыңгайсыз суроолор берилди. Райнер учурда өзүнүн изин жаап жатат жана сиз кайтып келгенде сизге кабарлайт."

Бирок, мындай аргументтер да кыйыр деп таанылышы керек. Распутинди өлтүрүүнү уюштурган жана ага жеке өзү катышкан Рейнер (же башка британ агенттеринин бири) болгонуна түздөн-түз далил жок.

8-уламыш. Распутин масон болгон

Бүтүм: бул чындык эмес

Григорий Распутин

IV Мамлекеттик Думанын төрагасы Михаил Родзянко Распутиндин эл аралык масончулук менен байланышы бар деп эсептеген. Ал өзүнүн эскерүүсүндө чет элдик гезиттердин белгилүү бир макаласына көңүл бурган, анда Брюсселдеги масондук конгресс Распутинди Романовдор династиясын туруксуздаштыруунун пайдалуу куралы катары тааныганын айткан. Жандармдардын өзүнчө корпусунун командири Владимир Жунковский да Распутинди “Россияны өлүмгө алып баргысы келген кайсы бир коомчулуктун куралы” деп эсептеген.

Мындай далилдер мемуаристтердин макулдашуу теориясына болгон тенденциясын көрсөтүп турат: алар Россиядагы бардык кыйынчылыктарга негизинен Батыштан келген кээ бир таасирдүү макулдашуулар тобу күнөөлүү деп эсептешкен. Бирок, масондордун белгилүү тизмесинде Распутин жөнүндө эч кандай сөз жок. Андан тышкары, Распутиндин репутациясын калыбына келтирүүнү көздөгөн заманбап изилдөөчүлөр ал режимге каршы күрөшүү үчүн ал тууралуу терс мифтерди жараткан орус масондору экенин айтышат.

9-уламыш. Распутин шпион болгон. Анын максаты Романовдорду кулатуу болгон

Бүтүм: бул чындык эмес

Падыша Николай II Распутиндин обонуна бийлеп жатат. Почта картасы. 1910-жыл

Распутин Балкандын айынан согушка каршы чыкканы белгилүү. Анткени, бул Россия менен Германиянын өз ара кагылуушусуна алып келмек. 1914-жылы июлда Тюмень губерниясындагы кол малуудан кийин дарыланып жүргөн учурда Николай IIге бир нече кат жөнөткөн. Распутин падышага Биринчи дүйнөлүк согушка кирбөөнү эскертүүгө аракет кылган, бирок ал ишке ашкан эмес.

Аскердик ийгиликсиздиктердин фонунда коомдо башкаруучу чөйрөлөрдөгү чыккынчылык,ханыша Александра Федоровна жана Распутин башында турган сарайдын алдындагы «немец партиясы» бар экендиги жөнүндө ушак-айыңдар тарай баштаган. Распутинди ички иштер министри Алексей Хвостов тыңчылык үчүн эң активдүү айыптаган, бирок анын эч кандай далили жок болгон. Распутин тыңчы эмес, немис агенттери аны маалымат чогултуу үчүн колдонгон деген пикирлер да болгон. Мисалы, ичкилик ичкенден кийин ал аскердик сырды ачыкка чыгара алчу. Кошумчалай кетсек, Распутиндин курчоосунда чындап эле немистерге шпиондук кылды деп шектенгендер болгон. 

Ошентсе да, Распутин Германияга жан тартса, ал тыңчы болгон эмес. Берлиндин архивдеринде немистер Распутиндин согуш тууралуу пикирин билүү үчүн кандай ийгиликсиз аракет кылганы тууралуу маалымат сакталган. Бири-бирине карама-каршы келген маалыматтар чогултулган: эрте тынчтыкка жетишүү каалоосу жана жеңишке чейин согушту колдоо жөнүндө да. Мунун баары немис жетекчилигинин Распутин тууралуу ишенимдүү маалыматы жок экенинен кабар берет. 1917-жылы өзгөчө иликтөө комиссиясы башка нерселер менен катар ханыша менен Распутиндин ким экенин аныктоого аракет кылган. Бирок тергөөчүлөр бул айыптоолордун бирин да тастыктай турган далил таба алышкан жок.

10-уламыш. Распутин ыйык болгон

Бүтүм: бул чындык эмес

Григорий Распутин. 1916-жылга чейин

Распутиндин көптөгөн жолдоочулары аны чындап эле касиеттүү, атүгүл Кудайдын инкарнациясы деп эсептешкен. Ошого карабастан, « Григорийди» канонизациялоо демилгеси 1980-жылдардын аягында жана 1990-жылдардын башында гана пайда болгон. Орус православ чиркөөсүнүн бир нече иерархтары, чиркөөгө жакын коомдук ишмерлер жана уюмдар Распутинди канонизациялоо сунушу менен чыгышкан. Бул идеяны колдоо иретинде съезддер, конференциялар өткөрүлө баштаган жана Распутиндин өмүр жолу тууралуу көрсөтмөлөр жарыялана баштаган. Анын урматына «Падышанын досун» чагылдырган иконалар пайда болгон. 2005-жылы Падыша айылындагы Александр паркынын чек арасындагы Распутиндин убактылуу сөөгү коюлган жерге кыймылдын активисттери жаа крест коюшкан. Албетте, Распутиндин канонизациясын жактагандар талаштуу репутацияга ээ шарлатанды даңазалоону сунушташкан эмес. Алар Распутинди монархиянын каршылаштары жаманатты кылган деп ишенишкен. Ошол эле, Распутинге сыйынуу 2000-жылы чиркөө тарабынан падышалык үй-бүлө мүчөлөрүнүн сый-урматы менен түздөн-түз байланышкан. Бул логикага ылайык, падыша менен ханышанын руханий насаатчысы күнөөкөр адам боло алмак эмес. 

2003-жылы Патриарх Алексий II Григорий Распутинди канонизациялоо маселеси боюнча ачык айткан: 

«... шектүү адеп-ахлактуулугу жана бузукулугу менен падыша Николай IIнин жана анын үй-бүлөсүнүн ысымына көлөкө түшүргөн Григорий Распутинди канондаштыруу маселесин көтөрүүгө эч кандай негиз жок».

Ошого карабастан, 2004-жылы Епископтор кеңеши падышанын ишенимдүү адамын ыйыктарга канонизациялоо маселесин атайын карап чыккан. Канонизациялоо боюнча синоддук комиссия анын талапкерлигин четке каккан. Аргументтер катары ал "императордук үй-бүлөгө рухий жактан насаат берүүгө батынган сибирдик" аксакалдын теологиялык сабатсыздыгын, анын ар кандай секталарга таандык болушу ыктымалдыгын, аракечтигин, бузукулугун, ошондой эле православдык диниятчылар Распутинди такыр урматтабаганын көрсөткөн.

Булак: NazarNews.kg


 

 

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости