www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак-Ордо конушундагы чыр, же президенттин Жер мунапысы боюнча 27-жобону жокко чыгаруу буйругу кайрадан элдин нааразычылыгын жаратты...
Президент Садыр Жапаров 5-мартта Ак-Ордо конушундагы үйү түрттүрүлүп 4 баласы менен көчөдө калган келиндин абалы менен таанышканы барганда, документ ала албай жаткан жарандар жер саткыч шылуундардын кесепетинен кызыл китеп алалбай жатышканын айтышып арызданышкан.
Натыйжада, Жер мунапысы боюнча канааттандыраалык деңгээлде иш жүргүзбөгөнү үчүн Президент Садыр Жапаров Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди ээлеген кызматынан бошотту.
Кеңешменин жүрүшүндө Мамлекет башчысы ишмердүүлүгү комиссия тарабынан текшерилип, анын жыйынтыгы боюнча ээлеген кызматынан бошотулган Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими Бактибек Анаркуловду да мисал келтирди. Аламүдүн районунда жер мунапысына жамынып курулушу жок айдоо жерлери да трансформацияга кирип кеткен фактылар аныкталган.
Тилекке каршы, дал ушул айыл чарба жерлерине үй салып алышкан документтери жок жаңы конуштардагы үйлөрдү мыйзамдаштырууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча жер мунапысы тууралуу жободогу 27-бөлүмдү алып салуу боюнча президенттин тиешелүү органдарга берген тапшырмасы талаш-тартышка жем таштады.
Анткени бул жобону алып салууга, жерлерибизди мыйзамсыз басып алышып үй салып алышкан дешкен жарандар каршы болушуп, Башкы прокуратуранын алдына нааразычылыктарын билдирип чыгышты.
Маселен, бул тууралуу "Азаттыкка" Айсалкын Сманова аттуу жаран анын күйөөсүнө азыркы Ак-Ордо конушунан 2 гектардан ашык айыл чарба багытында үлүшкө жер тийгенин, бирок белгисиз адамдар анын сыртынан эле жерин башкаларга бөлүп сатып жибергенин айтып, бүгүнкү күнгө чейин соттошуп акыйкат таппай келе жатканын белгилеп, президенттин буйругу таптакыр туура эместигин, эми соттук иштер токтоп жери жок калаарын айтып нааразычылыгын билдирди.
Айсалкын Сманова сыяктуу эле Ак-Ордо конушундагы үлүш жерлердин чыныгы ээлерибиз дешкендер Башкы прокуратурга арыз жазышты. Алар президенттен жер мунапысы боюнча жобону өзгөртпөөнү, маселени териштирүү аркылуу чечим чыгарууну суранып жатышат.
Алардын бири Нурлан Эркинбаев атасынан калган бир гектар жерин 2015-жылы кызыл китеп алып беребиз дегендер алдап сатып жиберишкенин, эч кимден бир сом албаганын айтып, "алды дегендер болсо азыр келип айтышсын, менин укугум тебеленип, жерсиз каламбы" деп зар какшоодо.
Кыскасы, президенттин Жер мунапысы боюнча 27-бөлүмдү алып салып, документ алалбай жаткан жарандарын үйлөрүн мыйзамдаштырып берүү тууралуу тиешелүү органдарга тапшырган буйругу, абалды кайрадан тааталдаштырып, акыйкат издеп чыркырагандардын ортосунда өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат дегендей талаш-тартыш жаратып жатат.
Айтор, Ак-Ордодогу бүтпөгөн жер чыры, кайрадан элдин нааразычылыктарын жаратып, президенттин Жер мунапысы боюнча буйругу абада асылып калкып калчудай болуп турат...
Булак: NazarNews.kg