www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан 16-майда «Ак-Өргө» конушундагы Б. Алыкулов көчөсүндө муниципалдык аймакты бошотуу иштери жүргүзүлдү.
Демонтаж иштеринин жүрүшүндө төмөнкүлөр алынган:
•даараткана — 7 даана (50 чарчы метр);
•капиталдык курулуштан тосмо — 60 м;
•жеңил конструкциядагы тосмолор — 40 м;
•тор тосмолор — 250 м;
•бастырма — 18 чарчы метр;
•темир торлор — 20 м;
•дарбазалар — 3 даана;
•бетон тосмолор — 10 даана.
Жалпысынан 2732 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.
Учурда демонтаж иштери улантылууда. Жер тилкелеринин чегинен чыгып, муниципалдык аймакты ээлеп алган жарандарды өз ыктыяры менен ээлеген жерлерин бошотууга чакырабыз.
Белгилей кетсек, бул аймак жашылдандырылып, тротуардын эки тарабына бак-дарактар отургузулуп, тургундардын ыңгайлуу жүрүүсү үчүн көрктөндүрүлөт.