www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети көчмө жыйындын алкагында Ош шаарындагы жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы жогорку, орто жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Тагыраагы депутаттар №12 атайын көмөкчү жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында, №10 «Топ Жылдыз» балдар бакчасында, Ош шаарындагы азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында, Кара-Суу дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында, «Ай-Данек» жана «Достук-Наристе» балдар бакчаларында, №59 кесиптик лицейинде жана Дадан Султанов атындагы №118 жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында болушту.
Мекемелерди кыдыруунун жүрүшүндө комитет төрагасы Ырысбек Атажанов баштаган депутаттар Гүлай Машрапова, Токтобүбү Ашымбаева, Салтанат Аманова, Нуржамал Төрөбекова, Илимбек Кубанычбеков жана Умбеталы Кыдыралиев балдарды окутуу жана тарбиялоо шарттары, материалдык-техникалык базасы, билим берүү процессин уюштуруу иштери тууралуу маалымат алышты. Ошону менен катар инклюзивдик жана атайын билим берүүнү өнүктүрүүгө, өзгөчө билим берүү муктаждыгы бар балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана окуу-тарбия иштеринин сапатын жогорулатууга көңүл бурушту.
Депутаттар андан сырткары Муса Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган окуу жайдын ректору Жанболот Турсунбаев университеттин негизги багыттары тууралуу маалымат берип, дубалга орнотулган күн панелдери менен жабдылган окуу корпусун, кубаттуулугу 4 кВт болгон кичи гидроэлектр станциясын, Технологиялар жана жаратылышты пайдалануу факультетине караштуу Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү кафедрасынын лабораториясын көрсөттү.
Ошондой эле университеттин окутуучулары менен жолугушкан эл өкүлдөрү билим берүү процессин заманбап талаптарга ылайык өркүндөтүү маселелерин да талкуулашты. Комитет төрагасы Ырысбек Атажанов окуу жайдын жамааты тарабынан айтылган бардык сунуштар караларын белгилеп, анын ичинде дуалдык окутууну өнүктүрүү, кошумча окуу корпусун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жана студенттик стартаптарды колдоо маселелерине көңүл буруларын билдирди.
Белгилей кетсек, комитет 19-майдагы көчмө жыйындын алкагында аталган билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү жана окуу процессине заманбап ыкмаларды киргизүү маселелерин карайт.