www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында сел коркунучун жараткан каналдын абалын жакшыртуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев айылга барып, жаан-чачын көп жааган учурда суунун ашып кетүү коркунучу жаралган каналдын абалы менен жеринен таанышты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылдын түштүк-чыгыш тарабындагы каналга суу батпай, жаан-чачын күчөгөн мезгилде сел каптоо коркунучу пайда болууда. Бул көйгөйдү чечүү максатында каналдын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу, аны кеңейтүү жана бетондоо сунуштары берилген.

Долбоор даярдалганга чейин министр аталган объектти «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларын жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» иш-чаралар тизмесине киргизүү чечимин кабыл алды.

Ошондой эле сел каналын кеңейтүү жана бетондоо иштерин уюштуруу боюнча Ак-Талаа районунун акиминине долбоор даярдоо, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана айыл өкмөтүнө биргелешип тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

 

 

 

Последние новости