www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун чек арадагы тажик-кыргыз жарандарынын ортосунда болгон окуя боюнча айткандары Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин позициясы менен дал келет.

Белгилей кетсек, буга чейин Дайырбек Орунбеков жаңжалды кыргыз тарап провокациялаганын айткан.

“Тогуз унаадан турган той кортежи Ворух тараптан Ак-Сай айылы аркылуу бара жаткан. Ошол маалда Кыргыз Республикасынын жараны, Ак-Сай айылынын тургуну мас абалында тажикстандыктардын унаасын токтотуп, терезелерин таш менен сындырган. Тажиктер унаадан түшүп, үч жараныбызды сабап салышкан”, — деп жазган ал.

“Ховар” улуттук маалымат агенттигинин сайтында жарыяланган тажик чек ара аскерлеринин пресс-релизине ылайык, Ворух айыл аймагынан сегиз унаадан турган колонна балдарына үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүү үчүн Исфара тарапка бара жаткан.

“Оксой айылына кире бериште (Ак-Сай) мас абалында “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү мамлекеттик номуру 134 ACJ 03 KG унаасын башкарып бара жаткан коңшу өлкөнүн Оксой айыл аймагынын тургуну КР жараны таш бараңга алган”, — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда окуянын катышуучулары менен жеке өзү жолугушкан Ак-Сай айыл өкмөт башчысы Алимбек Сабиров 24.kg маалымат агенттигине берген маегинде президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун айткандарын четке какты.

Ал белгилегендей, КР жараны мас абалда эмес болчу.

Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын жарандары, Ак-Сай айылынын тургундары Д.Ж. жана Д.А. жеке унаасы менен Ак-Сай-Көк-Таш унаа жолу менен кеткен. Ошол эле маалда Тажикстандын жарандарына тиешелүү сегиз унаадан турган колонна жолду бойлой бара жаткан жана Ворух (РТ) анклавынан Хожай-Аало айылын көздөй бара жаткан.

Тажикстандын жарандары өздөрүнүн унаалары менен Кыргызстандын жарандарынын унаасын кесип салууга аракет кылышкан. Натыйжада Дача тилкесинде жогоруда аталган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын жарандарынын ортосунда чыр чыккан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости