www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай парламенти Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Гандын кызматтан алынганын жарыялады.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин жаңы жетекчиси болуп КПК Борбордук комитетинин тышкы иштер боюнча комиссиясынын кеңсесинин башчысы Ван И дайындалды. Ал 2022-жылдын декабрына чейин Кытайдын тышкы иштер министри болуп иштеген.
Эске сала кетсек, Цинь Гандын кайда экени 25-июндан бери белгисиз. Ал уычурда Пекинде тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко менен жолугушуу өткөргөн. Июль айында Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли Пекинге сапарын кийинкиге калтырган, анткени Цинь Ган көптөн бери эл алдына чыга элек болчу.
Батыш маалымат каражаттарында министрдин жоктугу боюнча ар кандай теориялар пайда болду - кызматтан алуудан баштап, жогорку кызматка эрте өтүүгө чейин. 25-июлда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин брифингде министрликтин жаңы жетекчисин дайындоо боюнча имиштерге, ошондой эле мурдагы министрдин кайда экени тууралуу суроого жооп берген эмес.
Булак: NazarNews.kg