www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самарканд облусунда 2022-жылдын февраль айынан 2023-жылдын июнь айына чейин 10 жаштагы кыз 45 жаштагы агасы тарабынан зордук-зомбулукка кабылган. Бул тууралуу Nemolchi.uz долбоору өз булактарына таянуу менен билдирди.

Тергөөнүн материалдарында 1978-жылы туулган киши тестиер кызга күч колдонуп, коркутуп, жыныстык мүчөсүн көрсөтүп, чечинтип, делебесин козутканы айтылат.

Шектүүгө карата "Жашы жете элек өспүрүмгө карата адепсиз мамиле жасоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Өзбекстанда мындай аракет үчүн сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Nemolchi.uz долбоору бул ишти колго алып, бардык жагдайларды иликтөө өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган. Шектүү киши кызды жыныстык катнашка үндөгөнү эске алынып, ага "Табигый эмес түрдө сексуалдык муктаждыкты канааттандыруу" беренеси боюнча да айып тагылышы мүмкүн.

"Кыз көптөн бери зордук-зомбулукка кабылгандыктан, ага жок дегенде психологиялык колдоо керек. Мамлекет муну колго алат деп ишенебиз", — деп айтылат билдирүүдө.

Акыркы убакта Өзбекстанда өспүрүмдөр сексуалдык асылууга кабылган учурлар көп катталууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости