www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
25-июль күнү эртең менен Түркиянын борбордук бөлүгүндө болгон жер титирөө февраль айындагы катуу жер титирөөлөрдүн жаңырыгы. Бул тууралуу Россия илимдер академиясынын Жер титирөөнү болжолдоо теориясы жана математикалык геофизика институтунун директору Петр Шебалин билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн бул аймагындагы ушундай эле баллдык жер титирөө адаттан тыш көрүнүш деп эсептелбейт жана алар кайталанышы мүмкүн.
“Жер титирөө болгон аймак Түркияда 6-7-февралда болгон катуу силкинүүлөрдүн жанында жайгашкан. Бул кандайдыр бир деңгээлде февраль окуясынын жаңырыгы. Жаңы жер титирөөлөр ошол жер титирөөлөрдүн кесепети, бирок ал алда канча алсыз. Мындай чоңдуктагы жер титирөө бул аймакта адаттан тыш эмес. Алар кайталанышы толук ыктымал”, - дейт Шебалин.
Сейсмолог белгилегендей, жер титирөө россиялык туристтер салттуу эс алган аймактарга таасирин тийгизбейт, андыктан алар тынчсызданбашы керек.
Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору (ESMC) мурда Түркиянын борборунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун жарыялаган. Жер титирөө Османие шаарынан 68 чакырым түндүк-батышта жана Козан шаарынан 19 чакырым түндүктө катталган. Жер титирөөнүн очогу 12 чакырым тереңдикте болгон.
Буга чейин Россиянын Илимдер академиясынын Жер физикасы институтунун сейсмикалык коркунуч лабораториясынын башчысы Алексей Завьялов Стамбулда 2030-жылга чейин катуу жер титирөө болоорун билдирген. Күчү 7,2-7,6 болгон жер титирөөнү дагы бир эксперт Наджи Герюр алдын ала айткан.
Булак: NazarNews.kg