www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жасалма келишимдер менен Россиядан Казакстандын Павлодар облусуна мыйзамсыз буудай алып кирүү жана аны казак даны катары Борбор Азия өлкөлөрүнө сатуу фактысы боюнча сотко чейинки тергөө иштери аяктады. Бул тууралуу Казакстандын Каржы көзөмөлү боюнча агенттиги билдирди.
Мекеме тергөөнүн кызыкчылыгын жүйө келтирип, бул боюнча кеңири маалымат берген жок.
Тергөөнүн версиясына ылайык, айыпталуучу 2021-2022-жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнө (Ооганстан, Тажикстан жана Өзбекстан) 1 миллиард теңгеден ашкан суммага 26 миң тонна орус буудайын саткан. Бирок анын жасалма эсеп-фактурасында буудай Казакстанда өндүрүлгөнү көрсөтүлгөн. Айыпталуучу бул схеманын жардамы менен эл аралык транзит үчүн мамлекетке 460 миллион теңге төлөгөн эмес.
Азырынча бул боюнча айыпталуучу тараптын позициясы белгисиз.
Буга чейин Казакстан парламентинин Сенатында "тиешелүү документтерсиз жана кошумча нарк салыгысыз" Россиядан Казакстанга мыйзамсыз буудай алып кирүү схемасы иштеп жатканы айтылган.. Депутаттар бул схема боюнча кошумча нарк салыгы төлөнбөй, мамлекетке болжол менен 600 миллион теңгеден ашык зыян келтирилгенин белгилешкен.
Казакстандын Каржы көзөмөлү боюнча агенттиги билдиргендей, акыркы бир жарым жылдын ичинде Павлодар облусунда 5,4 миллиард теңгеге жасалма эсеп-фактурасын жасаган беш киши кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Булак: NazarNews.kg