www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак-Суунун гана эмес кыргыздын атын чыгарган Аксуубай

Бүгүн 13-декабрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү обончу жана ырчы Аксуубай Атабаевдин 80 жылдыгы белгиленет. Аксуубай Атабаев классикага айланган мыкты обондордун автору: «Чагылган», «Он сегиз жаш», «Эне жөнүндө баллада», «Тоолор», «Таалайбек», «Айгүл ай», «Жүрөк эңсейт» жана башка ырлары кыргыз обондуу ырларынын алтын казынасынан орун алган. Анын ырларын СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Эрмек Мойдунов, Зейнеп Шаакеева, Гүлмайрам Момушева, Сабира Суранчиева, Анарбек Ибраев, Майрам Дүйшөкеева, Керим Турапов, Султан Каримов, Гүлнур Сатылганова, жана башкалар ырдап жүрөт.

Аксуубай Атабаев 1943-жылы 22-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында туулган.1970-жылы Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын элдик аспаптар бөлүмүн, 1974-1979 — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Көркөм өнөр институтунун маданий-агартуу факультетин бүтүргөн.

1963-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына хордун артисти, 1970-1976 —жылдары Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында музыкант, 1979-1982 — жылдары филармонияда солист, 1982-жылдан баштап Республикалык кесиптик-техникалык окуу жайынын маданият ордосунун директору болуп эмгектенген. 2010- жылы эс алууга чыгып, 2011-жылы 68 жаш курагында жүрөк оорудан улам каза болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости