www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров быйыл да жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөз жыйынын өткөрбөйт. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда, жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын мамлекет башчынын иш графигине байланыштуу өтпөй турганын айтты. Коомчулуктагы маселелер алдыда өтө турган курултайда көтөрүлөт. Ага жалпыга маалымдоо каражаттары да чакырылат да. Жылдын аягында Министрлер кабинетинин жалпы жыйыны болот.
Садыр Жапаров 2022-жылы да жергиликтүү жана чет элдик журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөргөн эмес. Адатта Кыргызстанда президенттер жылдын аягында журналисттерге басма сөз жыйынын уюштуруп суроолорго жооп берет. Садыр Жапаров 2020-жылдын 5-6-октябрындагы нааразылыктар учурунда абактан чыгып, алгач премьер-министрликке бекиген. Кийин президенттик милдетти да кошо аркалап, шайлоого байланыштуу аны кайра өткөрүп берген.
2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыккан. 28-январда инаугурациясы өтүп, расмий ишке киришкен.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg