www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Кашка-Суу айылындагы Ак-Таш жайытында жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында жайыттарды жана жаратылыш аймактарын бузуу фактылары боюнча 38 миң 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, рейд Аламүдүн райондук жол кайгуул кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө автоунаа жана мототранспорт каражаттары аркылуу жайыттарды жана жаратылыш аймактарын бузуу боюнча мыйзам талаптарын одоно бузуу фактылары аныкталган.
Мекеме буга чейин жарандар арасында түшүндүрүү жана эскертүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келгенин белгиледи.
Учурда мыйзам талаптарын атайылап бузган жарандарга карата көзөмөл күчөтүлүп, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Адистердин айтымында, Ак-Таш жайыты жалпы элдин байлыгы болуп саналат.
Жаратылыш аймактарына авто жана мототранспорт менен кирүү экологияга гана эмес, жайыттардын абалына да олуттуу зыян келтирет.
Белгилей кетсек, мыйзамсыз түрдө жайыттарга кирүү жана аларды бузуу үчүн мыйзамга ылайык 5 миң 500 сомдон 20 миң сомго чейин административдик айып пул каралган.