www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда өнүгүп-өсүү акыркы жылдары токтоп бара жаткандай эле сезилет. Ак үй тарапка көз жүгүрстөк баары уктап калган сыяктуу КР президенти Сооронбай Жээнбековдун командасы алсыз болуп, өзү жалгыз иштеп жаткандай. Президент өзүнүн командасынын катачылыгын көзгө сайып көрсөтүп жатса дагы, айрымдары кызматтан кетип, айрымдары жашынып, көшөгөнүн артында күйөө баладай созулуп гана олтурушат.
Өкмөт тарапка кылчайып карай турган болсок, кагаз менен отчет берип, айрымдар пара менен кармалып, кылтакка түшүп жатса дагы Өкмөттүн бети кызарып койгон жок. Партиянын атынан келген ууру министрлерге партиясы же өздөрү жооп бербей, “былтыйып”, “сүткө тойгон күчүктөй” болуп олтурганы абдан эле кызык.
Мындай коррупционер уурулардын катарын мамлекеттик “Кыргыз алтын” ишканасы дагы толуктайт. Чукулда эле бул ишкананын кызматкерлери чоң өлчөмдөгү алтын менен АКС тарабынан кармалса дагы аталган ишкананын башчысы Алмаз Алимбеков бүгүнкү күнгө чейин ордунан кыймылдаган жок.
“Беттин калыңы жандын үзүрү”, так ушул инсан айтылуу Темир Сариевдин өкүл баласы экендиги эл арасында айтылып жүрөт. Кыргызда “атага тең уул, атадан артык уул” дегендей, өкүл атасынан ашып түштү” деп Ак үй ичинде шыбырт жүрө баштады.
Эң кызыгы, азыр Ак үй тараптагылардын көңүлү ийриси дагы, түзү дагы “61 жашта президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетет” деген таризде, колдору ишке барбай өздөрү менен өздөрү олтурганын тыңчылар тастыктады.
Баса, Ак үй менен Көк үй тараптагылар жакын арадан бери “президенттин камчысына кабылып калбайлы” деп, тынымсыз “көзү ачыктарга” каттап, дуба окутуп кызматын сактап калуу аракетин көрүп жатканы тууралуу маалымат уктук. Ал тургай бири-бирине берген акчаларын жана сый-белектерин дубалатып жатканы каңкууланды.
Ошондо коррупционер айрым аткаминерлерди пара сактап жатабы же кара дуба сактап жатабы? Айтор, үлкөндөрдүн кылыктарын угуп алып аргасыз жылмайып, мамлекетти өнүктүрүүнүн ордуна “ахалай-махалай, сүф” кылып олтургандарына таң калдык... “Жүдөмүш катын эшигин шыпыра албай жатып элге акыл айтат болбой”, “көзү ачыктан көзү ачыкты” издебей колуңардан иш келбесе арызыңарды жазып кете бербейсиңерби? Же бул жагы чылык-чылык – кыргызчылык болуп жатабы?
Эгерде эл үчүн кызмат кылып турсаңар, президент Жээнбековдун каарына калбай эле, эл алкышын алып мактоого алынмаксыңар... Ак эмгек кылсаң көзү ачыктын кереги деле жок. Силер үчүн курмандыкка чалынган карышкырдын жатынын деле издебейсиңер...Биртике башты иштетип, тарых үчүн жана кыргыз эли үчүн эмгек кылып койсоңор!
Булак: NazarNews.kg