www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы аткаминерлердин арасында ылакаптар толтура. Алсак, “кошолёк”, “челюсть”, “тыйын”, “челек”, “балапан”деген жана башка. Анын катарын башында биз сыймыктанып келген жаш Сапар Исаков дагы толуктады. Башкалардын ылакаптарына караганда Сапар мырзага ылакап күн сайын күчөп бара жатат. Алсак, “Таза коомун-таза коон”, “40 кадамын” ошондой эле 26-январда жарылган ЖЭБден улам “жууркан” аталса, кечээ күндөн бери эле социалдык тармактарда “кычкач” деген жаңы ылакабы пайда болду.

Болору болду боёсу канды. Чындыгында Сапар мырза өтө адекваттуу, иштин майын чыгарган аткаминерлердин бири. Тилекке каршы акыркы күндөрү таскагы басаңдап, иши жүрүшпөй турган кез. Болушайын деген кишиси эле коррупцияга чыланып, “бүрүшүп” ары жактан чыга келет. Бир чети Сапар мырзага кыйын эле болду.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак ушул таптарда Ак үй тарапта анчалык деле кырдаал жакшы эмес экен. Күн бүркөк дешет. Айтымдарына караганда Сапар Исаков менен президент Сооронбай Жээнбековдун мамилеси өтө жакшы эмес имиш. Тиреш бар деп уктук.

Азыркы учурда “балапан” Сапар мырза менен Жээнбековдун тирешин күтө туралы. Жыйынтыгы кандай болот экен. Дегенибиз менен апрелде Сапар мырза Өкмөттөн кетип, ордуна башка киши келет деп уктук.

Тактап айтканда булардын кызматка келип кеткени, калдайган кыргыз калкына чын жүрөктөн баары-бир. Анткени кирешесине караганда, чыгашасы көп чиновниктердин, жанындагы кошоматчыларынан башка  эл арасында баркы деле калбады, аттиң...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости