www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым маалыматтарга караганда Ак үйдүн ичи уйгу-туйгу, бороон чапкын. Себеби шайлоо…бири шайлоого аттангысы келсе, бири терең ойлонуп, оор үшкүрүнүп аттангысы келбей турат. Анткени, айрымдардын "өйдө тартсаң өгүзү, ылдый тартса арабасы сынып" турган маалы. Ушул тапта Камчы авам менен Садыр авамдын эки партиясы элди ойго салып, кошоматчылардын арасын бөлүп бүтмөй болду.

Деги койчу, жыйынтыгында Ташиевдин ташы өйдө кулаганы турабы же камчысы каттуу болуп турабы айтор белгисиз. Кечээ эле "Садыр!" деп ураан чакырып, желегин желбиретип көтөрүп жүргөндөрдүн көпчүлүгү Ташиевдин таш короосуна өтүп кеткени айтылууда.

Так ошол эргулдардын ичинде буга чейин социалдык тармакта хайп болгон, Садыр Жапаровдун эшигин сагалап жүрүп кызматка келген, «Манас» аэропортунун эргулу, саясатта анча көзү ачыла элек Бакыт Шаршеев дагы шайлого карата бийликти колдогондордун катарынан калган жок.

Баса, бул бийлик дагы ийкемдүү Бакыт Шаршеевди колтукка калкалабай, андан көрө «Манас» аэропортунун ички эрежесин тартипке салдырса болмок. Алсак бери жагын айтканда эле билеттин баасы асман чапчыды…Эртең эле Бажыдагыдай былыгы чыгып, эртеңки күнү Ташиевдин бетине көө жаппаса болду. Анткени буга чейинки тарыхты карасак, Бакыт балакай КСДПнын аргымагын чапкылап, убагында Нарын облусунда жан үрөп жүргөнү эсибизде. 

Шаршеевге таң калгандарга жооп катары ал: «биз мурунку «Ата-Журчулар», азыр «Ата-Журтум Кыргызстан» партиясынан шайлоого аттанып жатабыз" деп жар салгандыгын айтып, жакындарына коңгуроо какканын уктук.

Ошондо «Ата-Журчулар» Шаршеев менен Ташиев болсо, анда «Ата-Журчулардын» атасы болгон Түлеев менен Келдибековдор кайда калат?, -  деген суроо жаралат. Бирок ар бир келген бийликтин партиясын эл жактыра бербегени айдан-ачык эмеспи. Ушундай эйфория менен «Ата Мекен», «Ак шумкар» партиялары дагы 2010-жылы элдин колдоосуна татыган эмес. Кандай болгон күндө дагы кыргыз калкынан айланса болот, кимдин башына оор иш түшсө аларды ар дайым колдоп келишет.

Буга чейин маалым болгондой 75 партия парламенттик шайлоого аттанды эле, бийликтин эки партиясына азыр канчасы куда түшүп, канчасы нике кыйдырды, аз күндө баардыгы ачыкка чыгат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости